Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев Өзбекстандагы кыргыз жамаатынын эки активистине мамлекеттик «улут аралык достукту чыңдаганы» үчүн сыйлык тапшырды. Ошондой эле маданий борборлордун дагы 22 өкүлдөрү сыйлыктарга татышты.

Кыргыз улуттук маданий борборлордун активисттерине «өлкөдөгү улут аралык достукту жана ырашкерликти чыңдоого кошкон салымы үчүн» ардактуу сыйлыктар тапшырылган.

Анжиян облусундагы кыргыз улуттук борбордун активисти Үмүткан Маматалиевага Мирзиёев «Дустлик» («Достук») орденин тапшырды. Мындай сыйлык Өзбекстандагы элдер арасындагы мамилелерди чыңдоого кошкон зор салымы үчүн тапшырылат.

Фергана облусундагы кыргыз улуттук борборунун «Сулув киз» («Сулуу кыз») аталышындагы ансамблдин жетекчиси Нортожи Халибаева маданияттагы чоң жетишкендиктери үчүн «Шухрат» («Даңк») медалы менен сыйланды.

Учурда Өзбекстанда жашап жаткан кыргыз тектүүлөрдүн саны тууралуу так маалымат жок. 1989-жылы жүргүзүлгөн каттоонун жыйынтыгы боюнча, Өзбек ССРинде 170 миңден ашык кыргыз жашап келген жана саны боюнча алар Өзбекстанда жашаган улуттурадын тогузунчусу болгон.

Көз карандысыздык алгандан кийин өзбек бийлиги элди каттоодо этникалык топторго байланыштуу маалыматтарды өзүнчө бөлүп караган эмес, ал эми 1990-жылдары миграциялык агымдар чоң болгондугуна байланыштуу 1989-жылдагы маалыматтар бир кыйла өзгөрүшү мүмкүн.

Кыргыз активисттери менен катар Өзбекстандын дагы башка улуттук борборлорунун 22 өкүлү Мирзиеёвдин колунан сыйлык алышты.

Алардын арасында Өзбекстандагы каракалпак, азербайжан, немис, орус жана украин жамааттарынын активисттери бар.

«Көбүңөр менен мен жеке таанышмын, көбүңөрдү теле жана басма сөзү аркылуу тааныйм. Элибиздин биримдикте жана ынтымакта болушуна чоң салымдарын кошкон, башка мекендештерине өрнөк болгон, 20дан ашык демилгелүү, өз жанын аябаган сиздерге жогорку сыйлыктарды берип жатканыма кубанычтамын», — деди Мирзиёев.

Мирзиёев президенттик кызматты аркалап жатып негизги максаттарынын бири катары — Өзбекстанда жашаган элдердин ортосундагы достукту жана ырашкерликти бекемдөө экенин белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА: