Активист Бабановду автордук укукту бузгандыгы үчүн сотко берди

Активист Александр Паленый «Республика — Ата-Журт» партиясынын лидери жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановду сотко берди. Активисттин айтымында, Бабанов анын видеосунун скриншотун автордугун көрсөтпөй фейсбукка жайгаштырып койгон.

Паленый Бабановго каршы доосун Казакстанда берген. Анын сөзү боюнча, коңшу өлкөдө башка КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу пиратчылык менен күрөшүү катуу жүргүзүлөт.

«Башка бирөөнүкүн алардын алдында, алар мени менен макулдашып алышы керек эле. […] Жаран Бабанов менден кечирим сурайт деп үмүттөнөм», — деди Паленый Kloop.kgге берген интервьюсунда.

Паленый ошол эле кезде анын видеосунун скиншотторун колдонгон K-News басылмасын жана Mail.ru порталын да сотко берген.

Паленыйдын доосун Бабанов фэйсбукта «заказ» деп атап, анын «кадыр-баркын түшүрүү аракети» деди.

Депутат өз кезегинде «ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды тараткандыгы» үчүн активистке каршы доо арызын берээрин билдирди.

«Ар-намысыма, кадыр-баркыма шек келтирген маалыматтарды тараткан бардык жеке тараптар жана маалымат булактары боюнча Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын укук коргоо органдарына тийиштүү арыздарды даярдап койдум. Бул маселени аягына чейин чыгарам, бул принципиалдуу маселе!» — деди Бабанов.

Сүрөт: Өмүрбек Бабановдун фейсбуктагы барагы