Алматыдагы 28-кышкы Универсиаданын башталышына чейин аз эле калды. Кыргызстандын атынан бул мелдештерге спорттун алты түрү боюнча тогуз спортчу катышат.

28-Дүйнөлүк кышкы Универсиадага кыргыз спортчулары спорттун алты түрү боюнча катышат: сноубординг, көркөм муз тебүү, биатлон, чаңгекчен (лыжачан) жарышуу, слалом, ски-кросс (фристайлдын бир түрү), тоо чаңгек спорту (слалом жана слалом-гигант).

Кыргызстандык спортчулардын оюн жадыбалы

[Мелдеш өтө турган жерди көрүү үчүн спортчунун атын басыңыз]

Сноуборд жана ски-кросс

Ски-кросс же чаңгекчен кросс — спорттун кышкы түрү, фристайлдын багыттарынынын бири. Финалдык жарышта чаңгекчилер төрт кишиден старт алып, трамплин жана чукул бурулуш түрүндө ар кандай бөгөттөрдөн ашып, бири биринен озуп, марага биринчи келгенге аракет кылышат.

Сноубординг жана ски-кросс боюнча команданын курамына Тимур Губаев, Павел Вакурин жана Алексей Вакурин кирди.

Тимур Губаев, Алексей Вакурин, Павел Вакурин. Сүрөт: Facebook, Игорь Гарагуля

Тимур Губаев — Кыргызстандын сноуборд федерациясынын президенти. Каржы-экономика академиясында окуп жүрүп кийин Туризм академиясына которулган, 24 жашта.

Жетишкендиктери: Кыргызстандын чемпиону, Орусиянын чемпионатында төртүнчү орун алган, Европа кубогунда сегизинчи орунга чыккан.

Алексей Вакурин — Туризм академиясынын студенти, 22 жашта.

Жетишкендиктери: Кыргызстандын чемпиону. Казакстандын бордер-кросс боюнча биринчи ачык чемпионатынын күмүш медалынын ээси. Бордер-кросс боюнча Орусия Кубогунун коло медалын эки жолу утуп алган. Дүйнө кубогунда Вакурин 57-орунду, Европа кубогунда — 26-орунду ээлеген.

Павел Вакурин — Туризм академиясынын студенти, 22 жашта.

Жетишкендиктери: Кыргызстандын чемпиону, Сочидеги Европа кубогунда 24-орун алган, дүйнөнүн жаштар чемпионатында сноуборд-кросс боюнча 50-орун алган.

Үч спортчу тең 2-февралда сноуборд-кросс боюнча 14:00дө чыгышат, 7-февралда да 14:00дө — чаңгек фристайлы боюнча жарышат (ски-кросс).

Чаңгек жана биатлон

Тоо чаңгеги жана биатлон боюнча команданын курамына Тариэл Жаркынбаев, Кундуз Абдыкадырова жана Николай Матвеев кирди.

Тариэл Жаркынбаев – 20 жашта, КМДТАнын (Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясы) студенти.

Жетишкендиктери: Кыргызстандын чемпиону, чаңгекчен жарышуу боюнча Азия кубогунун байге ээси. Тариэл ошондой эле Австриядагы Эл аралык биатлончулар бирикмесинин (IBU) кубогуна катышкан.

Тариэл 30-январда 10 чакырымдык жекече жарышка катышат. Жарыш 12:30да башталат.

Кундуз Абдыкадырова. Сүрөт: Facebook

Кундуз Абдыкадырова – 18 жашта, КМЮАнын (Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы) студенти.

Жетишкендиктери: Жайкы биатлон боюнча бир канча байгенин ээси, жаштар арасындагы экинчи кышкы Олимпиаданын катышуучусу.

Тариэл менен Кундуз 1600 метрлик жарышка 2-февралда чыгышат. 12:30да квалификация башталат, 14:45те финал болот.

Чаңгекчен жарышка жана аралаш командалык спринтке алар 4-февралда чыгат. 11:00дө квалификация башталып, 13:00дө финал болот.

Николай Матвеев. Сүрөт: Facebook

Николай Матвеев – 23 жашта, КМДТАны бүтүргөн.

Жетишкендиктери: Минскиде өткөн биатлон боюнча дүйнө чемпионатынын катышуучусу.

Николай 10 чакырымдык спринтердик жарышка 2-февралда 13:15те чыгат.

Кийинки күнү, 3-февралда, спортчу 12,5 чакырымдык куугун-жарышка катышат. Жарыш 14:00дө болот.

Слалом жана слалом-гигант

Слалом — чаңгек менен ар кайсы жерине дарбазалар коюлган трасса аркылуу (450-500 м) тоодон чоң ылдамдыкта түшүү. Спортчулар жазылыгы 3,5-4 метр дарбазалардын баарынан өтүшү керек. Мында чаңгекчилер тик эңкейиштен орто эсеп менен саатына 40 чакырым ылдамдыкка жетишет.

Гиганттык слалом кадимкисинен трассанын узундугу (800 метрден 2 чакырымга чейин), дарбазаларынын кенендиги (8 метрге чейин) жана спортчулар мындай трассада жүргөн орточо ылдамдык менен айырмаланат. Ал саатына 65 чакырымга жетет.

Тоо чаңгек спорту боюнча команданын курамына (слалом жана слалом-гигант) Евгений Тимофеев менен Максим Гордеев кирди.

Евгений Тимофеев, Максим Гордеев. Сүрөт: Игорь Гарагуля, Ryce Travel Karakol

Евгений Тимофеев — 23 жашта, Эл аралык Славян институтунун бүтүрүүчүсү.

Жетишкендиктери: Кыргызстандын чемпиону, Сочидеги Олимпиада оюндарынын катышуучусу — 61-орун алган, АКШдагы дүйнө чемпионатында марага 53-болуп келген. Түштүк Кореядагы эл аралык мелдештерде төртүнчү орунга ээ болгон.

Евгений 30-январда «Супергигант» жарышына чыгат. Жарыш 13:00дө башталат.

Максим Гордеев — 22 жашта, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенти.

Жетишкендиктери: Түштүк Кореядагы тоо чаңгек спорту боюнча эл аралык мелдештердин катышуучусу — анда 17-орун алып, АКШдагы дүйнө чемпионатында 81-орунга ээ болгон.

Эки спортчу тең 4-февралда гиганттык слаломго чыгышат. 10:00дө биринчи далалат, 13:00дө — экинчиси болот. Слалом 7-февралда, 10:00дө — биринчи далалат, 13:30дө — экинчиси болот.

Көркөм муз тебүү

Көркөм муз тебүүдө биздин өлкөнүн намысын Кристина Бедросова коргомок болду.

Кристина Бедросова

Кристина Бедросова — 18 жашта, Түштүк-Батыш мамлекеттик университетинин (Курск шаары, Орусия) студенти.

Жетишкендиктери: Кыргызстандын чемпиону, көркөм муз тебүү боюнча «Нооруз 2015» эл аралык турниринин күмүш медалынын ээси.

Кристина кыскача программа менен 1-февралда 14:00дө, эркин программа менен 2-февралда 17:00дө чыгат.

Кыргызстандык спортчулардын Универсиадага барышын уюштурууга спорттук-массалык жана ден соолукту чыңдоочу «Жаштык» борбору жооп берет.

«Курама командан Алматыдагы Универсиадага чогултууда спортчулардын республикадагы ар кайсы чемпионаттардагы натыйжалары, ошондой эле алардын спорттогу мурунку эмгеги эске алынды», — деп түшүндүрдү курама команданын түзүлүшүн «Жаштыктын» директору Эркинбек Адылдаев.

Алматыдагы кышкы Универсиада 29-январда башталып, 8-февралда бүтөт.

Авторлошу: Иван Янушкевич

ТЕМА БОЮНЧА: