«Биз корунган абалдан чыгып келатабыз». Атамбаев жаңы Конституцияны жарыялоо боюнча жарлыкка кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы Конституциянын текстин жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Өлкөнүн Башмыйзамын өзгөртүү боюнча референдум 2016-жылдын 11-декабрында өткөн.

Жарлыкка кол коюу аземинде президент сөз сүйлөдү. Ал жаңы Конституция өлкөнүн эгемендигин бекемдей тургандыгын айтты.

Атамбаев өлкө эл аралык уюмдарды жана өз өнөктөштөрүн сыйлай тургандыгын, бирок эгемендиги менен өз алдынчалыгын сактай тургандыгын айтты.

«Конституцияга киргизилген түзөтүүлөрдүн шарапаты менен биз тышкы күчтөр, анын ичинде эл аралык уюмдар Кыргызстанга алгылыксыз ченемдерди таңуулап келген кор абалдан чыгып келатабыз. Болбосо алар кимдин жазасын жеңилдетип, кимди түрмөдөн чыгаруу боюнча буйрук беришчү эле», —деди Атамбаев.

Президенттин айтымында, Конституцияны өзгөртүү «абсолюттук жеке бийлик орнотуучу жылчкыкты жапты». Эми, анын пикиринде, жарандар укук коргоо жана сот органдарынын зомбулугунан коргоно алышат.

Президент жаңы Конституция — «парламент менен өкмөттүн өз ара аракетинин негизи», ал биргелешкен иштин натыйжалуулугун арттырат деп эсептейт.

«Бийликтин эки бутагынын тең жоопкерчилиги күчөтүлүүдө. Өкмөт өз алдынчараак, бирок Жогорку Кеңешке чындап отчет бере турган болуп калды», — деди ал.

Мындан тышкары, президенттин пикиринде, жаңы Конституция боюнча сот бийлиги жоопкерчиликтүүрөөк болот. Анын айтымында, жаңы Башмыйзам укук коргоо органдарын реформалоого колдоо көрсөтөт.

Президент жаңы Конституциянын түп нускасынын көчүрмөлөрүн парламенттин спикерине, премьер-министрге, Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын төрагаларына тапшырды. Конституциянын тексти «Эркин Тоо» гезитинин 28-январдагы санына чыгат.

11-декабрдагы референдумдан кийинв Конституцияга 40тай түзөтүү киргизилген.

Түзөтүүлөрдү референдумга келгендердин 79,6 пайызы колдогон. Түзөтүүлөрдүн негизги бөлүгү 15-январда күчүнө кирген. Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөткөн түзөтүүлөр 2017-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет.

Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр көп талаш-тартыштарды пайда кылды. Демилгечилер өлкөнүн Башмыйзамын 2020-жылга чейин өзгөртүүгө тыюу салган 2010-жылдагы Конституцияны бузушканын, регламентти жана мыйзам долбоорлорун сунуш кылуунун жол-жобосун бузушканын өзгөртүүлөргө каршы чыккандар белгилешкен.

Алар түзөтүүлөр премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүп жатканына да нааразы болушкан. Алардын пикиринде, бул бийликтин аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бутактарынын тең салмагын бузат.

Эл аралык келишимдердин артыкчылык абалынан баш тартуу да талаш туудурган. Эми өлкө биринчи иретте ички мыйзамдарды жетекчиликке алып, андан кийин гана эл аралык ченемдерди карманат.
ТЕМА БОЮНЧА: