Кыргыз коомундагы сексизм

Кыргызстанда гендердик теңчиликке формалдуу мамиле жасалып, коомдо, үй-бүлөдө аялды басмырлоо маанайы күч экени айтылып келет.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

Мындай көрүнүштү үй-бүлөдөгү тукумсуздук, саламаттык маселелерине байланышкан мамилелерден эле эмес, коомдук-саясий турмуштагы алакалардан да даана байкоого болот.

Сексизм же аялдарды басмырлоонун күңгөй-тескейи тууралуу “Аялзат" берүүсүндө сөз кылабыз.

"Жоолукту тыңдап салынбайсың"

25 жаштагы Айкыз бир жыл мурун турмушка чыгып, бирок жолдошунун орой мамилесине чыдабай жакында эле баса берген. Турмуш курар алдында болочок күйөөсү менен бир жума сүйлөшкөн экен. Эки айдай гана жакшы жашап, андан кийин күйөөсүнүн мамилеси өзгөргөнүн, аны менен жашаган кезде кандай кыйынчылыктарды, кодулоону баштан кечиргенин айтып отурду:

- Жок жерден уруш чыгарчу. “Чыныны катуу койдуң” деген шылтоо менен деле жемелей берчү. Башында эмнеден жаздым экен деп катуу депрессия болдум. Бир жыл бою жашап кеткенге аракет кылдым. Же иштебейм, үйдө кайната-кайнене менен чогуу турчубуз. Алардын кирин жууйм, тамагын жасайм, элден эрте туруп, кеч жатам. Күйөөм беш кыздын арасында өскөн жалгыз бала. Ошентсе да ага такыр жакпадым. Мага такыр көңүл бурбай койду. “Жакпайсың, кет” деп ачык эле айтчу. Ызама чыдабай кетип калайын десем, ата-энеси баласын урушуп, мени кетиришчү эмес. Өз ата-энем да "тийгенден кийин жаша" деп туруп алды. Бир жыл ичинде боюмда да болгон жок, акыры чыдабай баса бердим. Ал мени убактылуу куурчак катары гана колдонуп жүрдү да, ушундай басынтты. Тагдырымды да талкалады. Баарын жасайм, сени бир көрүп жактырдым, бактылуу кылам деп алып, кайра мени кордогон адамга наалат айтам. Кийин билсем, ал жеңил ойлуу адам экен. Менин турган турпатым ага жакпайт экен, сүйө албаптыр. Ошого ар кайсы шылтоону айтып мени кетирүүнүн айласын кылды. Жоолукту оңдоп салына албайт, жүдөп жүрөт деп айта баштады. Мен ал айткандай жүдөө эмесмин. Тазалыкты баарынан жогору койгон үй-бүлөдө чоңойгом. Ошонун көзүнө эле жаман көрүнүп калдым. Ата-энеси кетирбей, келинибиз жакшы, оокатка тың дешчү. Аларды деле укпай койду. Эгер, анте турган болсо эмнеге башында ойлонгон жок?

Айкыздын ажырашып кеткенине бир айдан ашыптыр. Азыр Жалал-Абадда ата-энесинин үйүндө:

- Үйдөгүлөрдүн деле мага болгон көз карашы мурункудай эмес, башкача. Чыккан кыз чийден тышкары деген чын экен. Эми иш издеп жатам, же иш чыкпайт. Эч нерсеге көңүлүм да чаппайт.

"Күйөөм мени оорутту"

Ал эми Гүлдана турмушка чыккандан кийин үч жылдай төрөбөй жүргөнү үчүн түбөлүк бирге болобуз деп чоң турмушка чогуу аттанган түгөйү менен эки башка жолго түшкөн. Күйөөгө чыккандан кийин беш айлык баласы бойдон түшүп калганын айткан Гүлдана бул үчүн жоопкерчиликти мурунку жолдошуна артат:

- Дарыгерлер инфекция бар болгондуктан бала түшүп калды дешти. Ага чейин менин ден соолугум чың болчу. Эч жерим ооручу эмес. Күйөөгө тийгенден кийин гинекологиялык оорулар пайда болду. Цистит болдум, бөйрөгүм салаңдап ооруп калчу. Анан боюма бүткөн жок. Акыркы эки жылы оорукана, табып дегендерден башым чыкпай эле жүрдүм. Гинекологго барсам дары, укол жазып берет, анчалык деле проблема жок дешет. Дарыланам, бирок үч-төрт айдан кийин оору кайра кармайт. Көрсө, инфекция күйөөмдө экен. Дарыгер аны да кошо ээрчитип кел, экөөң чогуу дарыланышыңар керек, болбосо майнап чыкпайт дечү. Күйөөмө айтсам, уккусу келчү эмес. Мен таптазамын, эч кандай оору жок, өзүң дарылана бер деп койчу. Ошентип жүрүп ажырашып кеттик. Кайын-журтум да буга себепчи болду. Кайненем да акыркы күндөрү “ай, сен эмнеге төрөбөйсүң, эмнеге ушунча жылдан бери боюңа бүтпөйт” деген суроону көп бере баштаган. Жолдошум ошондо да күнөөсүн сезчү эмес. Эми кандай болот билбейм, ал деле башкага үйлөнөт, мен деле турмушка чыгам да. Кийинки аялы да төрөбөсө эле, ооруканага барып көрүнбөсө.

Гүлдана азыр турмуштун оор сыноосун Орусияда өткөрүүдө. Тагдыр буйруса экинчи никесинде балалуу болууну ниет кылып жүрөт. Бул – кыргыз үй-бүлөсүндөгү тукумсуздук үчүн жалаң аял айыптуу болгон бир эле мисал. Мындай көрүнүштөр жүздөп санала турганын дарыгер-гинеколог Анара Өрдөкова белгиледи. Анын айтымында, эркектер көп учурда өздөрүндө эч кандай илдет жок деп эсептеп, мунун айынан аялдар психологиялык жактан жабыркашат:

- Биздин бейтапканаларга кайрылган аялдардын ашып кетсе 20-30 пайызынын гана күйөөсү кошо келип дарыланат. Калгандары келбейт. Андыктан, аял тапшырган анализдердин жыйынтыгы боюнча экөөнө тең дары-дармек жазып бергенге аргасыз болобуз. Дарыланбай койбой, жок дегенде ушул дарыларды колдонсун дейбиз. Антпесе, аял дале баягы оорусу менен келе берет. Бул өтө чоң маселе.

Анара Өрдөкованын белгилешинче, бул көйгөйдөн арылуу үчүн эркектер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

"Робот" аял

Эми кыргыз коомчулугундагы сексизм же адамдарды жынысы жана гендер боюнча кемсинткен башка учурларга кайрылалы. Үч чүрпөлүү Дарийка бала карап, үй тиричилигин жасап, баарына жетишет. Ал үйдөгү, иштеги, балдардын түйшүгү канчалык көп болбосун аялдарды кордоо жана “робот” катары көрүү элде адатка айланып калган деп нааразы:

- Кыргызстанда үй-бүлө тууралуу жазылбаган мыйзам бар, аял иштейби-жокпу, үйгө келгенден кийин да бардык жумушту аткарышы керек. Сексизм түшүнүгү бир эле эркектин аялга карата эмес, аялдар арасында да калыптанып калган. Мисалы, кайненелер, кайнежелер үчүн келин бош отурбашы керек. Ошол эле учурда алар деле бирөөгө келин, жеңе да. Ага болбой эле өз келинине талапты катуу кое беришет. Жакшылар деле жок эмес. Бирок бизде басымдуу бөлүгүндө ушул көйгөй да. Жолдошум экөөбүз тең иштейбиз, мен деле ал сыяктуу чарчайм, иштен чогуу келебиз. Ал кино көрүп жатат, менин жаным тынбайт. Эртең менен андан эрте турам. Дагы бир айта кете турган нерсе, жакында эле автоунаа айдаганды үйрөндүм. Ал жерде окугандардын 80 пайызы аялдар, 20 пайызы гана эркектер. Аялзаты окуп-үйрөнүп, эреже бузбай айдайт. Эркектер болсо, эки-үч күн үйрөнүп эле айдоочулук күбөлүк сатып алып жатканын көрүп атпайбызбы. Анда да “ой, рулда аял экен” деп шылдыңдашат.

Ошол эле малда мырзалардын арасында үй жумуштарына жана балдарга каралашкандар да бар. Бирок, алардын бири Бектур коомдо аялына жардам берген, аны менен кеңешип иш кылгандарды мазактоо кеңири тараган көрүнүш дейт:

- Достор, теңтуштар арасында "подтакашник" дешип чымчып сүйлөшөт. Жинине тийиш үчүн, кээлери көрө албай деле ошентиши мүмкүн. Бирок айрымдар элге көрүнбөгөн жерде өздөрү ошондой эле болуп калышат. Элдин көзүнчө "өпкөлөнүп" айта беришет.

Бектурдун айтымында, куру намыстын айынан көпчүлүк эркектер өмүрлүк жарына жардам беришпейт экен.

"Тай туйлап такка чыгабы?"

Аялдарга карата сексизм түшүнүгү бир эле турмуштук мамилелерде эмес, маданият тармагында да кездешерин байкоого болот. Жаш кинорежиссер, «Азиядагы чыгармачыл айымдар фондунун” негиздөөчүсү Асел Жураева аялдар тарткан тасмалар мыкты чыкса да, ага карата ишенбөөчүлүк менен карагандар бар экенин айтты:

- "Ушуну аял киши же кыз тартыптырбы" деген сөздөр болот. Бул нерсе абдан өкүндүрөт. Кээде аялдардын өздөрү кызыктай суроолорду берип, ойлорду айтышат. Маселен, "биз өзүбүз туура эмес кылып жатабыз, сексизмди өзүбүз жасап атабыз, туура жол менен кеткенде бизди эркектер күнөөлөмөк эмес" дешет. Мен мындай пикирлер менен макул эмесмин. Биз далилдешибиз керек. Аял кишилер иштейбиз, колубуздан көп нерсе келет, тең укуктуубуз.

Саясатта да тең укуктуулук сакталбай жатканына Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын 18и гана аял экени далил боло алат. Былтыр 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо да гендердик теңдик сакталган эмес. Добуш берүүлөргө байкоо салган жарандык активист Перизат Суранова парламентте да, жергиликтүү кеңештерде да депутаттардын 30 пайызы аялдар болушу керек деген талап кагаз жүзүндө гана калганын айтууда.

- Аялдардын мандаттары сакталган жок. Кирип баратканда тизмеден 30 пайыз аялдар экенин көрөбүз. Бирок, мандат алууда алардын саны 20-21 пайыздын тегерегинде эле. Өкүнүчтүүсү шайлоодон шайлоого чейин бул көрсөткүч азаюуда. Кийинки шайлоодо бул пайыз дагы төмөндөп же жоголушу мүмкүн деген коркунуч бар.

Жарандык активисттер эми аялдардын коомдук иштердеги, саясаттагы ордун жогорулатуу максатында депутаттардын жарымы айымдардан куралышы керек деген демилге менен чыгышты. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева бул багытта тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталганын маалымдады:

- Эки мыйзам долбоору иштелип чыккан. 2016-жылдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жетишпей калдык. Анткени, бул маселе боюнча Жогорку Кеңеште саясий чечим жок. Системаны өзгөртүү-өзгөртпөө багытындагы саясий чечим болгондо мыйзам долбоорлор сөзсүз каралат.

Аялдар активдүү эмес

Кыргызстанда аялдар көбүнесе ооруканаларда, мектеп, жогорку окуу жайлар жана социалдык мекемелерде жетекчилик кызматтарда отурушат. Көз карандысыз эксперт Мелис Төлөгөнов учурда аялдардын активдүүлүгү солгун болуп жатканын айтып, мунун себебин аларга үй-бүлө жана мамлекет тараптан шык берилбей жаткандыгынан көрөт:

- Аялдар саясатка, коомдук турмушка катышса жакшы. Себеби, эркектерге караганда алардын көз караштары бөлөк. Алар - эне, бала багышат, үй оокаттарын жасайт. Депутат болуп келишсе бул жааттагы көз караштар кеңири жайылмак.

Гендердик эксперт Зулфия Көчөрбаева да бул ойго кошулат. Анын баамында, эгерде аялдар эркектер сыяктуу эле маанилүү маселелердин чечүүгө катышса, эл арасындагы олуттуу социалдык көйгөйлөр чечилмек:

- Аялдар өздөрү баштан өткөрүп, күбө болуп жүргөн маселелерди көтөрүшөт да. Көбүнчө, балдар, билим берүү, турак жай жана башка көйгөйлөрдү, пенсионерлердин арыз-муңдарын, үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу айтышмак. Үй-бүлөдөгү зомбулукту эркектер эч качан көтөрбөйт. Ошондуктан эгер, аялдар шаардык, айылдык кеңештерде, парламентте аз болсо бул маселелер унутта калат.

Эксперттердин көз карашында, Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда саясатта аялдардын укугу корголуп жатканы айтылып келет. Бирок адамдын жынысы роль ойноп, жогорку кызматтарда, парламентте жана жергиликтүү кеңештерде аларга өтө аз орун берилүүдө. Буга байланыштуу гендер, үй-бүлө маселелерин иликтеп жүргөн адистер зомбулук, аялдарды басынтуу өңдүү терс көрүнүштөрдү токтотуу үчүн алардын коомдук-саясий иштерге көбүрөөк аралашуусуна шарт түзүү зарыл дешет. Анткен менен бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурула элек.