Мурдагы депутат Кунакунов соттун чечими менен он жылга кесилди

Биринчи май райондук соту Максат Кунакуновду куралды мыйзамсыз сактагандыгы жана каракчылык кылгандыгы үчүн он жылга эркинен ажыратты.

Мурдагы депутаттын иши боюнча соттук териштирүү жабык тартипте өттү. Кунакуновго «Террористерге көмөк көрсөтүү», «Куралды мыйзамсыз сактоо», «Мамлекеттик төңкөрүштү жасоо аракети» жана «Каракчылык» беренелери боюнча айып тагылган.

Акыры Кунакунов куралды мыйзамсыз сактагандыгы жана каракчылык кылгандыгы үчүн гана күнөөлүү деп табылды.

Мамлекеттик айыптоочу Кунакуновдун мүлкүн конфискациялап, аны 30 жылга эркинен ажыратууну сураган, бирок сот он жыл менен чектелди.

Төртүнчү чакырылыштын депутаты Максат Кунакунов 2017-жылы январдын башында омбудсменге кайрылып, УКМКнын кызматкерлери аны кыйнап жатышкандарын жана өз өмүрү үчүн анда коркунуч бар экенин билдирген.

Кунакуновдун сөзү боюнча, алар анын иче турган суусуна психотроптук нерселерди кошуп турушкан, аны ичкенден кийин ал өзүн начар сезген.

УКМКнын пикиринде, омбудсмендин маалыматы «калыстыктан алыс жана текшерилбеген». Атайын кызматтардын билдирүүсүндө, Башкы прокуратура ай сайын текшерүүлөрдү өткөрүп турган жана ал эч кандай «мыйзам бузууларды, ошондой эле УКМК кызматкерлери бирөөнү кыйнагандыгы тууралуу фактыларды» тапкан эмес.

Максат Кунакунов 2016-жылдын 16-июлундагы атайын кызматтардын террористерди кармоо боюнча атайын операциясынан кийин камакка алынган. Анда күч органдары «Ислам мамлекетинин» төрт террористин жок кылып, жети адамды камакка алышкан.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, террористтер 17-июлда айт намазы болуп жаткан учурда борбордук аянтка жана Канттагы орус авиабазсына кол салууну пландаштырышкан.

УКМКнын билдирүүсүндө, Кунакунов террористтерге акча берип, аларды курал-жарак менен камсыздаган.


ТЕМА БОЮНЧА: