УКМК «Мегакомдун» тегерегиндеги пара боюнча ишти кайра козгоду

Кыргызстандын атайын кызматы «Мегакомдун» мурдагы акционери болгон «Penwell» компаниясын жогорку даражалуу кыргыз аткаминерлерине пара берген жана шайлоонун алдында партияларды каржылаган деп шек саноодо.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) «Penwell Business Limited» 2010-жылы парламенттеги айрым партиялардын шайлоо алдындагы чыгашасына «бир нече миллион доллар» жумшаган деп божомолдоп жатат.

Бирок атайын кызмат кайсы партия кандай өлчөмдө каржыланганын айткан жок.

УКМКнын алдын ала маалыматы боюнча, «Penwell» жогорку даражалуу аткаминерлерге «өтө чоң өлчөмдө» пара берген.

Комитет ким пара алганын айтпайт, бирок өз билдирүүсүнүн бир жеринде параны «Ата-Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев алганы тууралуу ЖМКдагы материалга таянат.

Ошого байланыштуу УКМК 2012-жылы «айыпталуучу катары жоопко тартыла турган адамдардын аныкталбай калганынан» улам токтотулган паракорлук боюнча кылмыш ишин кайра козгоду.

«Penwell Business Limited» — «Альфа Телеком» ЖАК («Мегаком» бренди) компаниясынын көзөмөл пакетине (51 пайыз) бул уюк оператору толук мамлекеттештирилгенге чейин ээлик кылган компания.

«Penwell» «Мегакомдогу» акциялардын көзөмөл пакетинен 2008-жылы «мурдагы президент Курманбек Бакиевдин айланасындагы адамдардын рейдерлик ждана алдамчылык аракеттеринен улам» кол жууп калган.

Ошондон бери компания 51 пайыз акциялардын үстүнөн көзөмөлдү кайра кайтарып алыш үчүн соттошуп, Бакиевдин бийлиги 2010-жылдын апрелинде кулатылгандан кийин ага жарым-жартылай жетишкен. Бирок андан кийин сот «Альфа Телекомду» толук мамлекеттештирип, компания толугу менен мамлекеттик болуп калган.