УКМКнын иликтөөсү: Кулап түшкөн «Боинг-747нин» жүгүнүн бир бөлүгү Кыргызстанга арналган

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Манас» аба майданынын жанындагы Дача-СУ кыштагына кулап түшкөн жүк ташуучу «Боинг-747нин» ичиндеги дээрлик эки тонна оттук Кыргызстанга арналганын аныктады. Учактагы жүк адегенде Стамбулдун аба майданында бөлүштүрүлүп, андан кийин кабыл алуучу өлкөлөргө жөнөтүлмөк. Электр оттуктар Кыргызстанга 19-январда келиши керек болчу.

Жалпысынан учакта УКМКнын маалыматы боюнча 76 тонна 758 килограмм жүк — тиричилик техникасы, уюк аксессуарлары, оттуктар, чөнтөк телефондор болгон.

Бардык жүктүн ичинен Казакстандын JTI Kazakhstan LLC компаниясы Кыргызстанга «бекер таратыш» үчүн алдырган 1902 килограмм «USB-оттуктар» Кыргызстанга арналган.

«Ал оттуктар сатылууга багытталган эмес, алар соода боюнча өнөктөштөргө базарда негизги товарды таркатуу максатында бекер берилмек», — деп айтылат УКМКнын документинде.

Атайын кызматтын версиясы боюнча, жүк Гонконгдон Стамбулга жеткирилиши керек болчу. Андан кийин «Ататүрк» аба майданында кызматкерлер аны бөлүштүрүп, ар кайсы өлкөлөргө жөнөтмөк.

Мисалы, 1902 килограмм оттук кырсык болгон күнү Стамбулга учуп жетип, 19-январда эле Кыргызстанга кайтып келмек.

«Ар кайсы кабыл алуучулардын товарлары жөнөтүлүп жаткан жерде топтолуп, Стамбулдун “Ататүрк” аба майданына жеткирилет. Андан ары товарлар кабыл алуучу өлкөлөргө жиберилет», — деп түшүндүрөт УКМК.

Ошондой эле маршрут боюнча жүк ташуу «Боинг-747нин» кыйрашына чейин 49 жолу аткарылган.

Учактагы жүк ченеминен ашкан эмес — ага 115 тонна жүк батырса болот.

Жүктүн калган бөлүгү кайсы өлкөлөргө жана компанияларга багытталганын Кыргызстандын атайын кызматтары билдирген жок.

Эл аралык авиациялык комитеттин өкүлү Леонид Каширский 24-январда учак «Манас» аба майданында май куя кетиш үчүн пландуу түрдө конушу керек болчу деп билдирген. Каширский «Боинг-747» сыяктуу учактар Гонконгдон Стамбулга чейин кошумча май куйбай жете албай тургандыгын айткан. «Манас» аба майданында учак жүк түшүрмөк эмес.

УКМК учактын кулашы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөгө жардам бериш үчүн текшерүүнү улантууда.

Жүк ташуучу «Боинг-747» учагы «Манас» аба майданынын жанына 16-январда таңкы 7:20да кулап түшкөн. Ал жакын жайгашкан Дача-СУ кыштагын басып калып, 60тан ашуун киши жашаган 26 үйдү талкалаган.

Жүк ташуучу учактын кулашынын айынан 38 киши курман болгон. Курман болгондордун көпчүлүгү — дача кыштагынын тургундары. Кыштактын дагы бир тургуну катуу күйүктүн айынан 22-январда каза тапты.

Сүрөт: president.kg

ТЕМА БОЮНЧА: