Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги КСДПсыз түзүлгөн коалициялык көпчүлүк таркады

Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги «Өнүгүү-Прогресс», «Республика — Ата-Журт» жана «Ата-Журт» фракцияларынын депутаттарынан турган «Биримдик» коалициялык көпчүлүгү бузулду.

Президенттик КСДП фракциясы кирбеген коалициялык көпчүлүк «Республика — Ата-Журт» фракциясынын чыгып кетишине байланыштуу ишин токтотту. Качан жаңы коалиция түзүлөөрү азырынча белгисиз.

Үч фракциянын депутаттарынан турган коалиция 11-январда түзүлгөн болчу. Жыйын КСДП жана «Кыргызстан» фракцияларынын депутаттарысыз өткөн. Алар жыйынга катышпагандырынын себебин түшүндүрүшкөн эмес.

Эртеси бул эки фракция көпчүлүк коалиция «мыйзамсыз» экенин айтып чыгышкан. Анткени, алардын пикиринде, сессияда 16 эмес 21 депутат болушу керек болчу.

«Прецедент» компаниясынын юристи Ильяна Жедигерова Kloop.kgге курган маегинде айткандай, көпчүлүк коалициясын түзүш үчүн сессияга катышкан депутаттардын саны алардын жалпы санынын жарымынан кем эмес болушу керек. Анын пикиринде, жыйынга 16 депутат катышкан, бул жарымынан көп, ошондуктан коалициянын түзүлүшү мыйзамдуу болгон.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары 2016-жылдын 11-декабрында шайланган.

ТЕМА БОЮНЧА: