Казакстан: Ачкачылык жарыялаган мунайчылар нааразылык акциялары бүткөндөн кийин иштен алынат

Көз карандысыз профсоюз конфедерациясы жабылгандан кийин казакстандык мунайчылар ачкачылык жарыялашкан. Каршылык акциялары алтысынан 22-январга чейин болгон. Бул үчүн аларды сотко алып келип, иш берүүчүгө штраф төлөөгө мажбурлап, иштен айдай башташкан.

Нааразылык акцияларынын катышуучулары жумуш менен камсыз кылган мунай ишканасы Oil Construction Companyге штраф төлөөгө милдеттендирилген.

Соттун чечими боюнча, 14 мунайчы митинг өткөрүү тартибин бузганы үчүн 20 АЭК (бир айлык эсептик көрсөткүчү 2269 теңгеге барабар) өлчөмүндө штраф төлөөгө милдеттендирилген.

Здоровье протестующих значительно пострадало из-за голодовки. Фото: Рамис Толкан \ Azattyq.
Нааразылык акциясына катышкандардын ден соолугу ачкачылыктан кийин бир топ начарлаган. Сүрөт: Рамис Толкан/Azattyq.

Мунайчылар билдиришкендей, аларга адвокаттар берилген эмес жана алар мыйзамды билбегендиктен өздөрүнүн укуктарын корго албай калышкан. Алардын айрымдары штраф тууралуу угуп, соттун чечимин колго албай туруп эле, штрафты төлөп коюшкан.

Соттун токтому чыккандан кийин компаниянын жетекчилиги төрт мунайчыны: Кусаин Жылкышиевди, Жамбыл Бегешевди, Кайрат Ерекешовду жана Мейрамбек Куантаевди иштен айдаган.

Кусаин Жылкышиев кабарлагандай, соттон кийин эле аны алгачкылардан болуп иштен айдаган. Анын айтымында, иштен айдоодон мурда компания андан эмне үчүн ачкачылык жарыялаганы тууралуу түшүндүрмө жазышын талап кылган.

Фото: Azattyq
Сүрөт: Azattyq

Кусаин Жылкышиев үйдө иштеген жалгыз адам. Анын үч баласы бар. Ал соттун чечимин апелляцияга бергенге даяр.

«Азыр мен жумушсуз болуп калдым. Сөз жок, адилеттүүлүк издеп атып жумушу жок калдым. Бирок буга өкүнбөйм. Бирок бара-бара балдарымдын келечеги тумандуу болуп атат. Эгер алар ооздорун ача албаса, демек кул болуп жашашат», — деди ал.

«OCC компаниясынын директорунун орун басары Дуйсен Атшыбаев Жылкышиевдин иштен айдалганы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты», — деп кабарлайт «Азаттык».


ТЕМА БОЮНЧА: