Укук коргоочулар Аскаровду ачкачылыкты токтотууга чакырышты

Азимжан Аскаровдун достору жана кесиптештери андан ачкачылыкты токтотууну өтүнүштү. Алар Чүй облустук сотунун чечимине каршы Жогорку сотко даттанып, укук коргоочуну актаган өкүм чыгарып алууга үмүт артышууда.

Өз катында укук коргоочулар Азимжан Аскаровдон ачкачылыгын токтотууну өтүнүп, өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу соттун чечимине каршы даттануу менен Жогорку сотко кайрылуу керектигин билдиришти.

«Ачкачылыкты токтотууңузду өтүнөбүз, адвокаттар менен Жогорку сотко даттануу маселесин караштырып, анын чечимин күтүүгө чакырабыз. Сабырдуулук кылыңыз, акыр аягында акыйкаттыкка жетээриңизге ишениңиз, жакшылыктан үмүт үзбөңүз», — деп айтылат кайрылууда.

Аскаровдун кесиптештери Жогорку сот укук коргоочуну актаган чечим чыгарарына үмүт кылышат.

«Бул кадамга эмне үчүн барганыңызды жакшы түшүнөбүз. Бирок алдыда дагы Жогорку сот бар, иш оңунан чыгышы мүмкүн деген үмүт бардык досторуңуздун жүрөгүндө дале жанып турат», — дешет алар.

Жазаларды аткаруу мамкызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын маалыматы боюнча, Аскаровдун абалы канаттандырарлык, ал дарыгерлердин такай көзөмөлүндө.

Чүй облустук соту 24-январда Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдү күчүндө калтырган.

Ал бардык коюлган айыптардын беренелери боюнча — «жапырт баш-аламандык уюштуруу», «улут аралык кастыкты козгоо» жана «киши өлтүрүүгө катышуу» — күнөөлүү деп табылган.

Сот чечимин уккан Аскаров мөөнөтсүз ачкачылык жарыялай турганын билдирген.

Аскаров деген ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндө жашаган өзбек улутундагы укук коргоочу. Ал милиция кызматкерлеринин кыйноолорду колдонуусу тууралуу макалалары менен белгилүү болгон. 15 жыл «Аба» укук коргоочу уюумун жетектеп келген.

2010-жылдын жайында Аскаров Кыргызстандын түштүгүндөгү улут аралык чатак учурунда кармалган. Ал кезде укук коргоо органдары аны милиция кызматкерлери таяк жеп, алардын бири өрттөлүп кеткен Бишкек-Ош жолун тосуунун уюштуруучуларынын бири катары деп билдиришкен.

Базар-Коргон райондук соту аны «жапырт баш-аламандык уюштуруу», «улут аралык кастыкты козгоо» жана «киши өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. 2010-жылдын аягында ага карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыккан, бирок Аскаров өзүн күнөөлүү эмесмин деген. Аны менен кошо дагы сегиз киши соттолгон.

Укук коргоочунун адвокаттары тергөө анын күнөөсүн далилдей албаганын такай айтып келишкен. Күбөлөрдүн сөздөрү боюнча, ал кандуу окуя болгон жерде болгон эмес.

Соттун чечиминен кийин укук коргоочунун адвокаты Валерьян Вахитов тергөө иштери процессуалдык нормаларды одоно бузуулар менен жүргөнүн айткан. Анын сөзү боюнча, укук коргоочунун үйүн тинтүү учурунда үй ээси болгон эмес, ал эми ишке тиркелген далилдер «ишенимсиз» болгон.

Көз карандысыз адистер укук коргоочу кыйноого туш болгонун айтып чыгышкан жана анын даттанууларына эч бир көңүл бурбады деп Кыргызстандын бийлигин сынга алышкан. Ошондой эле алар тергөө иштери убагында процессуалдык нормалар бузулуп, Аскаровдо өзүн коргоого эч кандай мүмкүнчүлүк болбогонун айтып чыгышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: