Аялдын баласынын көзүнчө зордукталышы: таксист «балдары бар» болгону үчүн кыска мөөнөткө кесилди

Былтыр аялды анын баласынын көзүнчө зордуктаган таксист кыска мөөнөткө кесилген себеби — анын балдары бар жана мурда соттолгон эмес, деп айтылат жабыркаган тараптын адвокаты колуна алган өкүмдүн көчүрмөсүндө.

Балыкчыда аялды баласынын көзүнчө зордуктоого байланышкан окуя Кыргызстанда абдан чоң резонанс жараткан. Анткени жыныстык зомбулук боюнча айыпталган таксист өтө кыска мөөнөткө, үч жылга эркинен ажыратууга кесилген.

Жабыркаган аялдын адвокаты «Заноза» басылмасына айтып бергендей, сот зордукчунун эки баласы бар экендигин, өзү мурда соттолбогонун жазаны жеңилдетүүчү жагдай катары караган.

Адвокаттын айтымында, ал зордукчуну Кылмыш кодексинин «Зордуктоо» беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык жазалоону суранган. Ага ылайык кылмышты оордотуучу жагдайга — аялды зордуктоо анын баласынын көзүнчө болгондугуна жана баланын өмүрүнө коркунуч келгенине — байланыштуу ал 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылмак.

Бирок, «Зордуктоо» беренеси боюнча эркинен ажыратуунун эң аз мөөнөтү беш жыл экендигине карабастан, судья алда канча жеңил өкүм чыгарган.

«Судья […] "төмөндөн төмөн" деген жазаны колдонду. Андай ченем Кылмыш кодексинде бар, бирок ага негиз болушу керек. Негиз катары судья соттолуучу эки баласы бар экендигин, мурда соттолбогонун жүйө тутту. Бирок ал негиз боло албайт», — деп эсептейт аты эч жерде айтылбаган адвокат.

Зордукчунун жаза мөөнөтүнөн жарым жыл эмитен эле алынып салынды, анткени ал тергөө изоляторунда (ТИЗО) үч ай отурган, ал жерде бир күн экөө катары эсептелет. Ошентип, ал колонияда 2,5 жыл жаза өтөмөкчү.

Адвокат соттолуучу тарап мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну суранат деп эсептейт.

Зордуктоо 2016-жылдын 29-июлунда, аял беш жашар баласы менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан Бишкекке кайтып баратканда болгон. Таксист аны баласынын көзүнчө зордуктап салган.

«Беш жашар уулум ошол убакта автоунаанын ичинде калып, кыйкырып жатты. Зордукчу андан кийин баламды автоунаадан ыргытып жиберип, укук коргоо органдарына кайрылсам өлтүрүп сала турганын айтып коркутуп туруп кетип калды», — деп айтып берген жабыркаган аял.

Жабыркаган аял дароо укук коргоо органдарына кайрылып, кылмышкер кийинки күнү кармалган.

Тоң райондук прокуратурасы жазанын кыска мөөнөтүнө каршы даттанып, иш Ысык-Көл облустук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн, жаңы өкүмдүн чыга турган убактысы азырынча белгисиз.

Сүрөт иллюстративдик мүнөздө


ТЕМА БОЮНЧА: