«Фэйсбук» коомдук түйүнгө электрондук ачкыч менен кирүүнү сунуш кылат

«Фэйсбук» коомдук түйүнү аккаунтту коргоонун жаңы «физикалык» ыкмасын киргизди. Колдонуучу кааласа USB-топтогучту пайдалана алат, ал коомдук түйүндөр, файл алмашкычтар жана электрондук почта үчүн электрондук ачкыч болуп калат.

«Фэйсбуктун» маалыматты коргоо боюнча адиси Бред Хиллдин айтымында, аккаунттарды коргоонун азыркы ыкмалары дайыма эле натыйжалуу боло бербейт.

Ошондуктан коомдук түйүн өз колдонуучуларына аккаунттун электрондук ачкычы болуп кала турган USB-флешканы кошумча коргоо ыкмасы катары пайдаланууну сунуш кылат.

Коргоонун жаңы ыкмасы колдонуучуларды фишингден — сыр сөздөр менен логиндерди таап чыккан интернет-алдамчылыктын түрүнөн — сактайт.

«Фэйсбуктун» командасынын пикиринде, электрондук ачкычтын артыкчылыктарына анын толук коопсуздугу, коомдук түйүнгө тез кириши жана ыңгайлуулугу кирет — ачкычты башка аккаунттар үчүн, мисал «Гуглда» жана «Дропбоксто» да колдонсо болот.

Ачкычты пайдаланыш үчүн адегенде «Chromeдун» же «Operaнын» жаңы версиясын орнотуп алыш керек.

Электрондук ачкыч кызматы Орусияда иштей баштады.

Жаңы иш милдеттин жеткиликтүү экенин «Фэйсбуктун» коопсуздук күүлөмөсүндө текшерсе болот. Эгерде күүлөмөдө «Кириш сертификаттар» графасы бар болсо — демек электрондук ачкыч иш милдети Кыргызстанда да жеткиликтүү.

Электрондук ачкычты пайдаланыш үчүн «Кириш сертификаттар» графасында «Өзгөрт» шилтемесин басып, «Коопсуздук ачкычтарына» өтүш керек. Андан ары «Ачкычты кош» дегенди басып, инструкцияларга өтүү зарыл.

Эгерде электрондук ачкыч бузук болуп чыкса, коомдук түйүнгө кирүүнүн мурдагы сыналган жолдорун дайыма пайдаланса болот.

28-январда — жеке маалыматтарды коргоо күнүнө карата — коомдук түйүн купуялыкты күүгө келтирүү жана коомдук түйүндө маалыматтарды сактоо тууралуу толук маалымдаган колдонмону жаңыртты.

Мурда «Фэйсбук» жалган маалыматтар менен күрөшүүнү чечкен. Талаш маалыматты текшерүүгө адистешкен жаңылык агенттиктери жана сайттар маалыматтын чын-төгүнүн териштирүүгө жардам беришет.

«Фэйсбук» — дүйнөдөгү эң алдыңкы коомдук түйүндөрдүн бири. Анын бир айлык аудиториясы 1,71 миллиард колдонуучудан ашат.


ТЕМА БОЮНЧА: