Соңку бир жума ичинде үч мектептеги окуучулардын мушташы жана анын баарында бычак колдонулганы кооптонууну жаратты. Мектептердин бириндеги мушташтан бир өспүрүмдүн өмүрү кыйылды, калган балдар милицияда сурак берүүдө.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

19-январда Кочкор районунда 10-класстын беш окуучусу мушташа кетип, натыйжада эки өспүрүм бычак жеп бири ошол жерден каза болсо, экинчиси оор акыбалда ооруканага жеткирилген. Ал эми 21-январда Араван районунда мектеп окуучуларынын жаңжалынан үч окуучу бычак жеп, ооруканага түштү. Мектеп окуучуларынын бычакташуусунун себеби эмнеде?

Окуучулар эмне дейт?

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, мурдагы жылдарга караганда өткөн жылы мындай окуялар азайган болчу. Бирок, балдар укугун коргоо менен алектенген адистер ачыкка чыкпай, жабылуу бойдон калган фактылар көп экенин белгилешет.

Адегенде эле балдардын пикирин билүү максатында Бишкектеги мектептердин биринде билим алган Акниет менен Аргенди сөзгө тарттым. Алар 8-класстын окуучулары экен. Өспүрүмдөр эмне себептен мушташат деген суроого жарыша мектептеги рекетчиликтен улам деген жооп кайтарышты.

- Чоңдор өздөрүнөн кичинекейлерден акча сурашат. Акча бербесе уруп-сабашат. Андайды бүт эле мектептен көргөнбүз.

Акниет менен Арген да балдар арасындагы тирешти баштан өткөргөн. Бирок, аны мушташка жеткирбөө үчүн кечирим сурап, бири-бирине экинчи тийишпөө тууралуу келишип алышыптыр:

- Бизде деле болгон. Башка мектептеги өзүбүз менен тең балдар менен "эмнеге тигинтип сүйлөйсүң" деп териштирүү болгон. Мушташка жеткирбей эле сүйлөшүп, баарын чечишип алганбыз.

Ал эми башкалаадагы башка мектепте окуган Камбардын айтышынча, мушташ баарынан мурда үстөмдүк кылуудан, окуучулар арасындагы ич ара тирештен улам чыгат:

- Бири бирине колу тийип кетсе деле анын арты мушташка айланып кетет. Же болбосо ойноп жатып уруша кетип, кайра достошуп жүргөндөр деле бар.

Окуучулардын билдиришинче, шаарларда балдар көп учурда районго жана мектептерге бөлүнүп алып мушташат. Бирок, алар өздөрү окуган орто билим берүү мекемелерде терс көрүнүштөр орун албайт деп ишендирүүгө аракеттенип, жаман жоруктарга көбүнчө үй-бүлөлүк шарты начар же тарбия көрбөгөндөр бара турганын айтып жатышты.

Мушташкан учурлар кесиптик лицейлер менен шаардык мектептердин жогорку класс окуучуларынын ортосунда да кездешет. Маселен, Акыл былтыр Жалал-Абад облусунда 9-классты аяктап, борбордогу кесиптик лицейлердин бирине тапшырган, бирок чоң муштумдуктун айынан үч айдан кийин окуусун таштап айылга кетип калган. Ал балдар арасында бычак алып жүрүү, мушташуу кадыресе көрүнүш экенин “Азаттыкка” айтып берди:

- Насыбай, тамеки чегишет, анан акча бер дей беришет экен. Лицей жаккан жок, өтө эле башаламан. Айрымдары чоңсунуудан коркуп бычак алып жүрүшөт же кээ бирлери башкаларды коркутуш үчүн салып алышат.

"Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук азайды"

Ички иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, былтыр мурдагы жылга караганда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук төмөндөгөн. Мекеменин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башкы инспектору Марат Сапаевдин билдиришинче, кылмыштуулуктун азайышына мектеп окуучулары менен иштеген инспекторлордун көбөйгөнү түрткү берген. Бирок, айылдарда алар дале тартыш:

- Ар бир мектепке бирден инспектор Бишкек жана Ош шаарларына эле бөлүнгөн. Калган аймактарда андай эмес. Мисалга Ош облусун алсак, бир эле учурда 5-6 мектепти тескеген инспекторлор бар. Айылдардын аралыгы 30-40 чакырым. Ошентип, инспектор бир жумада 5-6 мектепке барууга үлгүрбөйт. Жакындагы үч окуяга байланыштуу өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун жоопкерчилиги каралып жатат.

- Чоңдор өздөрүнөн кичинекейлерден акча сурашат. Акча бербесе уруп-сабашат. Андайды бүт эле мектептен көргөнбүз.

Марат Сапаев кошумчалагандай, кылмышка барган балдардын көбүнүн ата-энелери мигрант, өздөрү чоң ата, таята, таякелеринин колунда калган болуп чыгууда.

Балдар тарбиясыз калууда

Адистер да өлкөдөгү жагымсыз көрүнүштөргө үй-бүлөлөрдүн социалдык абалы, миграция терс таасирин тийгизип жатканын ырастаганы менен, окуучулар арасында кылмыштуулук кыскарды дегенге кошулбайт. Балдар укугун коргоо боюнча адис Айгүл Кызалакова мындай кылмыштардын көбү каттоого алынбай калган учурлар арбын экенин белгилеп, болочок муунду тарбиялоого мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керектигин айтат:

- Тартип коргоо органдары балдарга укук жактан да маалымат бериши керек. Жаман жолго баргандан кийин эмне болорун, кандай жазага тартыларын окуучулар түшүнүшү зарыл.

Ал эми балдар психологу Уулкан Итикулова тарбиянын башаты үй-бүлөдө, андан кийин мугалимдерде экенин белгиледи. Анын баамында, азыркы тапта ата-энелердин басымдуу бөлүгү балдарды камсыздоо, курсагын тойгузуу менен алектенип, аларга көңүл бурууну, руханий жактан тарбиялоону унутта калтырууда:

- Биринчи кезекте ата-энелер көңүл бурушу керек да. Баласы эмне алек болуп, кандай музыка угуп, кандай тасма көрүп, кандай оюн ойноп жатканын көзөмөлгө алыш керек. Тилекке каршы, азыр мындай жоопкерчиликти бардыгы эле биле беришпейт.

Ошентип, укук коргоочулар, психологдор окуучулар арасындагы жагымсыз окуялар үчүн жоопкерчиликти ата-энелер менен мугалимдерге, андан кийин түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйт деген негизде милицияга, мамлекетке жүктөшөт. Окутуучулар болсо мектеп убактысынан башка учурлардагы фактыларга жооп бербей турганын айтып келишет. Өткөн аптада Кочкордо балдардын мушташынан бир окуучу бычак жеп каза тапты. Андан соң Араван районунда, Нарын шаарында мектеп окуучулары бычакташкан окуялар катталды. ИИМ бул үч окуя тең түндө болгонун маалымдады.

Башкы сүрөт иллюстративдүү.

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ