Канада: Мечитке кол салуудан алты киши окко учту

Канаданын Квебек шаарынын мечитинде белгисиз бирөөлөр ок атышты. Натыйжада алты киши курман болуп, шектүү эки кишини полиция кармап кетти.

Квебек шаарынын мечитинде кечки намаз маалында болгон кол салуунун айынан алты киши окко учту. Аз дегенде сегиз киши жарадар болду.

CBCтин кабарына караганда, ок атуу кечки саат сегизде башталган. Ал учурда мечитте 40тай киши чогулган болчу.

Полиция эки шектүү камакка алынганын билдирди. Азыр кырдаал көзөмөлдө.

Буга чейин «Рейтер» маалымат агенттиги мечитке куралдуу үч киши киргенин кабарлаган. Полиция үчүнчү кылмышкер изин жашырып кетиши мүмкүн экенин азырынча жокко чыгара элек.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышкерлер мечиттин биринчи кабатында ок атып, андан кийин алардын бирөө экинчи кабатка көтөрүлгөн.

Сүрөт: Le Soleil

«Алар ок атып "Аллах Акбар!" деп кыйкырып жатышты. Намаз окуп жаткан адамдарга ок тийди», — деп айтып берди окуянын күбөсү CBCге.

Жергиликтүү Le Soleil гезитинин маалыматы боюнча, шектүүлөрдүн бири — «Квебек акценти менен сүйлөгөн» 27 жаштагы жигит.

Сүрөт: Le Soleil

Квебек провинциясынын премьер-министри Филипп Куйяр бул кылмышты «жапайы зомбулук» деп атап, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

«Биз Квебектин мусулман калкы менен биргебиз», — деп жазды ал «Твиттердеги» өз барагында.

2016-жылдын жайында ыйык Рамазан айында мечиттин босогосунда белекке ылайык таңгакталган чочконун башы «Тамагыңар татымдуу болсун» деген жазуу менен кошо табылган.

2015-жылы коңшулаш Онтарио провинциясында мечитке өрт коюлган. Бул окуя Париждеги террордук чабуулдун эртеси болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: