Украин пианисти Виктория Ермольева классикалык музыканы таштап, атактуу видео-блогерге айланды, анын блогуна дээрлик 500 миң адам жазылган. Анын видеолорунун өзгөчөлүгү — ал пианинодо оор рок музыкасын ойнойт.

Ермольева — Украин пианисти, ал кичине кезинен бери классикалык музыканы үйрөнүп, ойноп келген, 30 жашка келгенде башка музыканы ойногусу келгенин сезген. Эми, Шуберт, Вагнер жана Чайковскийдин ордуна Nirvana, Muse жана Guns’N’Roses топторунун музыкасын ойнойт, концерттерди берип, пластинкаларды да жазганга жетишүүдө.

Бул баян Витория Ермольеванын атынан жүргүзүлөт.

Музыкантка курсагы ток жашоого жетүү оор. Сен өмүрүңдүн жарымын музыканы үйрөнүүгө арнап, кийин эч кимге кереги жок болуп калышың мүмкүн. Өз жашооңду өзүң куруп, өз ордуңду тапканга катуу аракет кылышың керек.

Айрымдары гана кыйынчылыктарды жеңип, концерттик музыкант болууга жетишишет. Бул жерде адамдагы шык аздык кылат, ал жолдуу да болушу зарыл. Керектүү адамдар сени байкап, сен тууралуу кам көрө башташса — бул чоң ийгилик дей бер.

Же болбосо сен өзүң тизгинди колуңа алышың керек. Концерттик аткаруучу боло албагандар, репетиторлук же мугалимдик кыла алышат.

Бардык адамдар бирдей эмес дегендей, мага классикалык музыканын дүйнөсү көп жага бербейт. Ошондуктан мен эмне кылаарымды, каякка бараарымды билбедим. Окууну бүткөндөн кийинки мүмкүнчүлүктөрдүн бирине да көңүлдөнбөдүм.

Виктория Ермольева Киевдеги концерттте. Сүрөт: rock.kiev.ua

Ооба, мен классиканы ойноп жаттым. Концерттерди бердим, оркестрде ойнодум. Башкаларга окшоп.

Концерттик пианист катары мен көп сыйлыктарды жеңип алдым. Мисалы, мен Пианисттердин эл аралык сынагынын сыйлыгын алдым, Амстердамда өткөн ‘Grachtenfestival 2005’ фестиваль-сынагында жеңдим.

Лазарь Берман, Норма Фишер, Диан Андерсон, Карл-Хейнс Каммерлинг сыяктуу белгилүү пианисттерден мастер-класс алганга жетиштим.

«А бирок, андан арычы?». Чыгармачыл кризисте өзүмө ушул суроолорду берип жаттым.

Мага бардыгы тигил, же бул сынакка катышышың керек деп айтып, жиберип жатышты. Чынын айтсам, мага бул эч качан жакчу эмес.

Сабактардан артта калганыма, визага байланыштуу кыйынчылыктар болду. Жазз факультетине тапшыруунун чечтим, бирок ушунчалык чарчап, алсырап калгандыгыман жаңы жанрда ойногонго өзүмдү кыйнап мажбурлай албадым.

Мен экзамендерди жылдырып, дагы бир жолу тапшырууга уруксат сурадым, бирок макул болушпады. Балким, алар мага ушинтип кысым көрсөтө алабыз дештиби. Мен окууну эң жакшы баалар менен бүткөн, күчтүү пианист элем да.

Ошондо мен мунун мага кереги жок экенин түшүндүм. Мен документтерди алып кетип калдым. Өмүрүмдө биринчи жолу музыкалдык мекемеден сыртка чыкканым эле.

Келечегим бүдөмүк эле, эмне кылаарымды билбейм. Окуп жатканымда, алдымда так, ачык максат турат эле. Ошондо мен өзүмдүн YouTube каналымды ачып, менин чыныгы атымды эч ким билбесин деп, аны vkgoeswild деп атап койдум.

Менин биринчи видеолорум кавер эмес болчу, бетим көрүнбөсүн деп караңгыда ырдап бийлейт элем.

Анан музыкант катары өзүмдү Амстердамдын бир ресторанында сынап көрдүм. Классикадан сырткары көптөгөн башка хиттерди ойноого туура келди.

Мен аларды музыкалдык китепканадан алып, аранжировкалары өтө жупуну болгондуктан дайыма өзгөртүп, оңдоп чыгат элем.

Так ошол учурда Metallica тобунун ‘Death Magnetic’ аттуу альбому чыгып калды. Мен ‘The day that never comes’ деген бир синглди алдым, анын башталышын фортепьянодо ойногонго жеңил эле.

Аранжировка кылып көрөйүн дедим, ага бир нече мүнөтүм кетти.

Ырды ойноп, видеого жаздырып алып, каналыма чыгарып койдум — бардыгына бир аз гана убакытым кетти. Анан мага пикирлер жаандай жаай баштады, видеону көргөндөрдүн саны ошол кезде эбегейсиз көп эле.

Кызыгып калып, Metallica тобунун башка каверин жасадым, аны көргөндөрдүн саны мурдагыдан да ашып кетти.

Ушинтип атып каверлерди жасаганга каныгып алдым, музыкасы укмуш, а бирок түпнусканын бардык кереметин бере алган фортепьяналык аранжировкалар жок эмеспи.

Ошондо чечим чыгардым: «Мен жасайм деп».

Элдин көбү фортепьянонун чоң мүмкүнчүлүктөрүн билбейт деген ойдо болчумун.

Ал эми Metallica тобунун фанаттары классикалык аспаптар рок-ырларды алардын кумирлериндей толук ачып бере албайт деген ойдо болушчу.

Классикалык музыканттар аспаптын мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билишет, бирок аларга рок-музыка көп жага бербейт окшойт.

Мага жаккан ырлардын жупуну каверлерин укканда кейип калат элем. Фортепьяного ыңгайлаштырылгандан кийин өзүнүн күчүн жана эмоциясын жоготуп койгон көп укмуш ырлар бар.

Бирок фортепьянодо бардыгын жасаса болот — ал универсалдуу аспап.

Сүрөт: vkgoeswild

Мага Tool, Nine Inch Nails, Massive Attack, Metallica, Radiohead, Queen, Nirvana, Alice in Chains, Black Sabbath, Depeche Mode, Deftones деген топтор, ырчы Челси Вулф жана дагы көптөгөндөр жагат.

Акыркылардан айтсам, адатынча поп-музыканы укпасам да, American Horror Story сериалындагы бир ыр — Лана Дель Рейдин ‘Gods and Monsters’ деген ырынын кавери жан дүйнөмө дүрбөлөң салды.

Каверлерди тандап жатканда менде кандайдыр бир туруктуу талап-шарттар жок, негизгиси, ал мага жагыш керек. Кээде бул башыман эч кетпей туруп алган композиция. Мен аны ойношум керек болот.

Кээде композиция мени атаандаштыкка чакыргансыйт, мисалы Cranberries тобунун ‘Zombie’ деген ырындай. Мен аны өспүрүм жашыман жакшы көрөм, бирок ал фортепьяного эч жарабай тургандай сезилчү. Азыр ал кавер эң популярдуу, мен өзүм да аны күткөн эмесмин.

Каверди жазуу ишинин жүрүшү дайыма бирдей — мен башымдагыны нотага түшүрөм. Кээде техникалык маселелер жаралып калат, кайсы кол менен ойноо керек, ырды бир октавага төмөн кылайынбы, же жогору кылышым керекпи деген маселелерди чечүүгө туура келет. Мен майда-чүйдөсүн айтпай эле коёюн, аларды бир гана кесипкөй пианисттер түшүнүшөт.

Нотага түшүрүлгөндү пюпитрге коюп, ойной баштайм. Кээде айрым жерлерин өзгөртүүгө туура келет.

Кээ бир ырларды бир демде бат жазып коем, кээ бир ырларга — нотага түшүрүүдөн видеону YouTubeга жайгаштырганга чейин — болгону 2-3 саат кетет.

Видеону жазуу көп убакытымды, күчүмдү алат, анткени мен тыныгуу кылбай ойной берем. Видеого тартуу учурунда мен каверди ойногонго да машыгам, бирок бир карасаң, алгач 2-3 күн ойноп машыгып туруп, анан гана камерага тарткан туурарарк болчудай.

Бул менин көк беттигимен болушу керек. Эгер аспапка отурсам, болду, мен же чарчап чаалыкканыман кулайм, же баштаган ишимди аягына чейин чыгарам. Кээде манжаларым канап да кетет.

Мисалы, ‘Bohemian Rhapsody’ каверине көп күнүм кетти, мен аны кантип чертишим керектигин такыр табалбай жаттым.

Каналымдагы эң көп көрүлгөн кавер — System Of A Down тобунун ‘Toxicity’ деген кавери. Бирок эмне үчүн ал андай экенин, өзүм да жакшы түшүнбөйм.

Ал эми мен өзүм эң жактырган каверлер тууралуу айта турган болсом, ал — ‘Hurt’ от Nine Inch Nails, менимче жаман эмес жасагам.

Эсте калганы — ‘Momma Sed’ ыры. Мелодияны аккомпанемент менен шайкеш келтирүү өтө оор болду. Мен аны түнү бою жаздым, кечтен баштап, таң атканга чейин.

Аны жактырып көргөндөрдүн саны анчалык деле көп эмес, эч ким аны күткөн жок, көк беттигим үчүн эле жасадым.

Менин аткаруум түздөн-түз ырга байланышуу. Эгер мен ырдан күчтүү чезимдерли жана агрессияны сезсем, анда мен так ошондой ойнойм.

Концерт бергенимде мен «музыкалдык транс» деп аталган абалда болом, мен үчүн бул кадыресе көрүнүш.

Жалаң гана каверлерди ойноп концерттерди бергени жетиштим. Германияда, Польшада, Чехияда, Исландияда, Турцияда, Украинада жана дагы башка өлкөлөрдө болдум.

Адатынча мен System Of A Down, Black Sabbath, Deftones, Tool жана башка топтордун ырларын ойнойм. Бирок көбүнесе бул угармандарга байланыштуу, кээ бирлерине металл музыка жагат, ал эми кээ бир жерлерде ар башка музыка агымдарынын күйөрмандары мени укканы келет. Кээде, өзгөчө оор музыка болсо барабанда ойногон досум менен ойнойм. Азыр репертуарыма өз ырларымды да кошуп жатам.

Сөз менен өзүмдүн ойлорумду, сезимдеримди жакшы жеткире албайм, бирок аспапка отурганда таптакыр башка адам болуп калам. Мен мелодия жана ноталар аркылуу дүйнө менен сүйлөшөм.

Сүрөт: vkgoeswild

Жакында мен өзүм жазган ырлардан турган альбомум чыгат.

Аларды жазуу мага кыйынга турду, мен өзүмдү эң алсыз, коргоосуз калган адамдай сездим.

Башкалардын музыкасын ойноп жатканда, аны жамынып каалаганыңды жасай аласың.

Окуп жүргөн кезимде, классикалык пианист катары мага импровизация кылуу, өзүм бир нерсе чыгаруу кереги жок болчу, жана да мугалимдер ага каршы болчу. Классикага эч бир өзгөртүү киргизүү мүмкүн эмес эле, кандай жазылса, так ошондой аткарыш керек.

Бирок мен альбомумду жаза алдым.

Бул альбомумдун алгачкысы эмес. 2010-жылы Vk Goes Wild деген аталыштагы музыкалдык табагым чыккан, бирок ал толугу менен Metallica, System Of A Down, Guns N’Roses сыяктуу топтордун кавер ырларынан турган.

Альбомумду жылдыруу жана дагы башка маселелер менен алектенген менин жеке менеджерим бар. Мен бул нерселерди жакшы түшүнө бербейм, менин ишим — музыка. Менин акылымдын жеткени — YouTubeдагы каналды ачуу жана видеону тартуу болду.

Жакындан баштап, жакшы роялда ойногонго мүмкүнчүлүк пайда болгондуктан, мен кайрадан классикалык чыгармаларды ойной баштадым.

Мен бас-гитарада ойногонду үйрөнгүм келген. Бирок ага чыдамым жетпеди. Эмне үчүн бул аспап мага жагаарын өзүм да түшүнбөйм.

Каверлерди ойноо мыйзамдуубу? Эгер бул мыйзамдуу болбосо, мен бул иш менен алектенбейт элем.

Менимче, буга тыюу салганга болбойт. Бирок Принстин менеджери анын ырларын кавер кылып ырдаганга каршы экенин билем.

Ооба, каверлер көп болгон каналдан көп киреше таппайсың. Түпнуска ырларга укугу барлар гана жакшы пайда көрүшөт.

Мен каверлерге тапшырык алам. Бирок бардык эле сунуштарга макул боло бербейм. Менде тапшырык кылынган композициялардын узун тизмеги бар, бирок бардыгын аткарганга жетишпей жатам.

Мага тапшырык кылгандарды жакшы түшүнөм, менин жасагандарым эч кимдикине окшош эмес, бирок да менин он колум жок. Башкы шарт-талап — ыр мага жагышы керек, мен аны ойногум келиши керек.

Тапшырык канчалык оор болбосун, мен ишим үчүн көп акча алгым келбейт. Бирок бааны көтөрүү керектигин айткандар да бар, бул тапшырыктардын санын да азайтат эле.

Менимче, көгөрүп отуруу менен гана таланттуу эч нерсе жарата албайсың. Көп саат былк этпей отуруп ойной алган чеберчилиги мыктылар бар, бирок алардын аткарганы жүрөгүңдү солк эттирбейт, жүрөгүңө жетпейт.

Өжөрлүк менен гана адамдын жан дүйнөсүнүн эшигин ача алгандай деңгээлге жетсе болот дегенге мен такыр ишенбейм.


ТЕМА БОЮНЧА: