Орусия: ФСБнын кызматкерлери антиөкмөттүк хакерлер менен байланышта болушу мүмкүн деп шектелүүдө. Эмне белгилүү?

Федералдык коопсуздук кызматынын эки кызматкерине мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып коюлду. ЖМКлардын божомолунда, кармалгандар «Шалтай-Болтай» хакердик тобу менен байланышта болушу мүмкүн. Бул топ болсо жогорку деңгээлдеги мамлекеттик аткаминерлерге залакасын тийгизгени менен бегилүү.

2016-жылдын декабрынын башында хакерлер менен байланышта болушу мүмкүн деген шек менен төрт адам (айрым маалыматтар боюнча, беш адам) кармалган, алар: ФСБнын Маалыматтык коопсуздук борборунун жетекчисинин орун басары Сергей Михайлов, кызматкери майор Дмитрий Докучаев, «Касперский Лабораториясынын» топ-менеджери Руслан Стоянов жана журналист Владимир Аникеев.

Азырынча расмий түрдө күнөө экөөнө гана коюлду — ФСБнын кызматкерлерине мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып тагылууда, эгер алар күнөөлүү деп табылышса, ар бири 20 жылга эркинен ажырашы мүмкүн.

Солдон оңго карай: ФСБнын Маалыматтык коопсуздук борборунун жетекчисинин орун басары Сергей Михайлов, майор Дмитрий Докучаев, «Касперский Лабораториясынын» топ-менеджери Руслан Стоянов жана журналист Владимир Аникеев.

«Новая газета» басылмасы билдиргендей, атайын кызматтын кызматкерлерин кармоо «театрдагыдай жасалгаланган» болчу — алар мекеменин жыйыны учурунда кармалышкан, аларга коюлган айып окулгандан кийин, жарык өтпөгөн мүшөктөрдү баштарына кийгизип, сыртка алып чыгып кетишкен.

Стояновга коюлган күнөө боюнча азырынча так бир нерсе айтуу мүмкүн эмес. ФСБдан эч бир маалымат жок, ал эми «Касперский Лабораториясынын» басма сөз кызматы, Стоянов беш жыл мурдагы иш боюнча кармалды деп билдирет.

Аникеев Орусия президентинин жардамчысы Владислав Сурковдун жеке каттарын жарыялагандыгы үчүн кармалган, ага компьютердик маалыматка мыйзамды бузуу жолу менен жеткен деген күнөө коюлуп жатат.

Төртөөнү тең «Шалтай-Болтай» хакердик тобу менен байланыштырып жатышат. Бул топ жогорку деңгээлдеги аткаминерлердин кат алышуусун, ошондой эле премьер-министр Дмитрий Медведевдин твиттер-аккаунтун бузганы менен белгилүү.

«Росбалт» маалымат агентигинин билдирүүсүндө, Аникеевдин каймана аты «Льюис» болгон. Буга чейин анын аты эч качан «Шалтай-Болтай» менен кошо айтылчу эмес. Ал журналист жана кара пиар боюнча адис катары белгилүү болгон.

Орусиялык ЖМКлар аны «Шалтай-Болтай» (же болбосо Анонимдүү интернационал) тобунун негиздөөчүсү деп атап жатышат.

Аталган адамдар камакка алынгандан кийин «Шалтай-Болтайдын» расмий сайты жаңыланбай калды.

«Росбалт» басылмасынын божомолунда, Аникеев 2001-жылдан бери жогорку деңгээлдеги аткаминерлердин каттарын бузуп, аларды же интернетте сатып, же алар менен аткаминерлерди коркутуп-үркүтүп, жан багып келген. 2013-жылы Аникеев «Шалтай-Болтай» деген сайтты ачып, анда аткаминерлердин катын жарыялап, сайт аркылуу аларды сатып келген деп жазат «Росбалт» басылмасы.

2016-жылдын башында ФСБнын Маалыматтык коопсуздук борборуна «Шалтай-Болтай» боюнча ишти көзөмөлгө алуу тапшырмасы түшөт. Тергөө ишин борбордун жетекчисинин орун басары Сергей Михайлов жана анын кол алдындагы Дмитрий Докучаев алып барышат.

«Росбалттын» жазганына ишенсек, Михайлов жана Докучаев 2016-жылдын жай айларында Аникеевди таап, анын ишин тескей башташат. Ошол убакыттан тартып, сайтка чыккан материалдардын саны өскөн, басылманын божомолунда, ФСБнын кызматкерлери өзүлөрү хакерлерди маалыматтар менен камсыздай башташкан.

«Интерфакс» басылмасынын аттарын атагысы келбеген маалымат булактарынын билдирүүсүнө караганда, Михайлов «өлкөдөгү бүт интернет-бизнести тескеген» адам катары белгилүү болгон. Докучаев болсо ФСБга орношконго чейин башкалардын интернет-карточкаларынан акчаларды уурдоо менен алектенген. Көп өтпөй ал ФСБга колго түшөт, бирок кесилгендин ордуна Докучаев атайын кызматта иштегенге сунуш алат.


ТЕМА БОЮНЧА: