Стамбулдун прокуратурасы «Ататүрк-Алатоо» университетин «террорчул идеяларды» таркатууда деп шек санап жатат

Стамбулдун прокуратурасы Кыргызстанда жайгашкан «Ататүрк-Алатоо» эл аралык университети «террорчул идеяларды» таратат деп шек саноодо.

«Hürriyet» басылмасынын маалыматы боюнча, Стамбулдун прокуратурасы Түркиядагы коомдук ишмер Фетхулла Гүлен негиздеген 17 окуу жайы жана чет өлкөлөрдөгү бир нече университетке террорчулуктун идеяларын таркатты деген айып коюуда.

Тизмеге Бишкектеги «Ататүрк-Алатоо» университети да кирди.

Түркиянын ЖМКлары жазганына караганда, мындай айыптоолордун айынан Түркияда 17 окуу жайы жабылган.

Эл аралык «Ататүрк-Алатоо» университети Стамбулдун прокуратурасынын билдирүүсүн негизсиз деп баалады.

Университеттин басма сөз катчысы Зафарбек Сулайманов «Азаттык» үналгысына бул тизме тууралуу кыргыз ЖМКларынан белгилүү болгонун билдирди.

«Биз Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында катталып, иштеп жатабыз. Башка өлкөлөрдө болуп жаткан окуяларга эч кандай тиешебиз жок. Өз позициябызды Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына билдиргенбиз. Чет өлкөлүк журналисттер бизге кайрылган жок», — деди ал.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 2016-жылдын июлунда Кыргызстанды «террордук коркунуч» жөнүндө эскертип, өлкөнүн бийлигин оппозициялыл саясатчы Фетхулла Гүлен негиздеген окуу жайларын жабууга үндөгөн. Кыргызстандын ТИМи Түркияны өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырган.

«Кайсы бир өлкөнүн тышкы иштер министри башка бир мамлекетке ультиматум менен шантаждын тилинде эмне кылыш керек экенин айтып турганын биз жок эле дегенде туура эмес деп эсептейбиз», — деп айтышкан кыргыз ТИМинин өкүлдөрү.

Түрк өкмөтүнүн расмий версиясы боюнча, Түркиядагы 2016-жылдын июль айындагы мамлекеттик аскердик төңкөрүштүн уюштуруучусу Гүлен болгон.

Ал окуядан кийин аскердик төңкөрүш факты боюнча бийлик тарабынан аңдуу башталып, миңдеген адамдар кармалган.

Түркиянын бийлиги жогорку окуу жайларынын жана мектептердин көптөгөн мугалимдерин иштен айдаган. Терроризм боюнча университеттин 8500 мугалими айыпталып, алардын айрымдары 15 жылга чейин эркинен ажыратылган.

АКШда жашаган Гүлен мамлекеттик төңкөрүш аракетине өзүнүн тиешеси жок экенин айтып келет. Түркия АКШдан бир нече жолу Гүленди депортациялоону талап кылган.

Сүрөт: «АКИпресс»


ТЕМА БОЮНЧА: