«Ай жарыгы» (Moonlight) социалдык драмасы Оскардык жарышта фавориттердин бири катары аталууда. Роттердамдагы кинофестивалда бул тасманы көрүп чыккан киносынчы Азамат Өмүралиев кино тууралуу сөздөргө алданбагыла деген кеңешин берет.

«Конъюнктурага баш ийбейт». «Афиша» сайтында Барри Женкинстин тасмасына ушундай баа берилет.

Сынчылардын айтылбаган бир эрежеси бар: алар эч качан бири-бирине шилтеме кылышпайт жана баа берүүдө алар мүмкун болушунча калыс болгонго аракет кылышканын көрсөтүү керек. Сөзсүз, бул эрежени бузган учурлар да болот (мисалы, өткөн замандагы тасмалар жөнүндө сөз кылып жатканда, ал кездеги сынчылардын айткандарын колдонууга туура келет). Бирок көп учурда, эреже сакталат.

Ошол эле учурда «Ай жарыгы» тууралуу текстти башкача баштоо туура эмес болмок. Бул үч сөз тасмага эң так мүнөздөмө берет, Женкинстин тасмасы тууралуу башка эч нерсе жазбай эле койсок болчудай. Бир гана ушул үч сөздү чечмелеп бергенге аракет кылышыбыз керек.

«Ай жарыгы» — оскар сыйлыгын алышы ыктымал; тасмага аны алууга бир гана зор «Ла Ла Ленд» жолтоо болушу мүмкүн. «Ла Ла Ленддин» жанында бардык башка тасмалар киноакадемия окуучусунун тезистик ишиндей элес калтырат.

«Ай жарыгынын» күчтүү жагы, бир караганда, сюжеттик преамбулада — бул тасма териси кара гей-өспүрүм тууралуу, буга кошумча, анын баккан энеси — наркоман. Башкача айтканда, социалдык актуалдуулугу — бар, күчтүү кайрылуусу — бар, өткөн жылдагы жалаң ак түстөгүлөргө сыйлык тапшырылган «Оскардын» фонунда компромисске тарткан жагдайы — ал дагы бар.

Бирок тасма, биздин бактыбызга, ал жөнүндө эмес. Бул көп артыкчылыктарга ээ ак америкалык классты сындаган көнүмүш драма эмес.

Барри Женкинс өз карьерасын Ричард Линклейтердин «Таң алдында» деген тасмасын ачыктан ачык туураган чакан бюджеттүү «Меланхолияга каршы дары» деген мелодрамасы менен баштаган. Линклейтердин тасмасына окшоп Женкинстин тасмасында да эки жаш кокустан бири-бири менен таанышып калып, чогуу бир күн өткөрүшөт. Эки тасма тең өз каармандарынын таңкы таанышуудан баштап, таңкы коштошуусуна чейинки 24 сааттык жашоосун камтыйт.

Линклейтер каармандарынын диалогуна саясат жана сүйүү тууралуу тамашаларды аларыштырса, Женкинс теринин түсүнө байланыштуу темага ыктаган. «Меланхолияга каршы дары» тасмасында төшөк оюндарынын өзүнө караганда, мурдагылары тууралуу сөздөр көбүрөк болгон. Бирок Женкинстин алгачкы тасмасында да ал теринин түсүнө каргышга мамиле кылгандай мамиле кылбай, аны жашоонун бир өңүтүндөй кабылдаганы байкалат. Женкинс америкалык кара классты бирдей коргоп, бирдей сындайт.

«Ай жарыгы» да бул теманы улантат. Үч бөлүктөн турган тасма жаш Чиронун өмүрүнүн жарымын камтыйт, мектептеги тирешүүлөрүнөн тартып, орто жаш кризиси учурундагы абдырагандык абалына чейин. Ал өз тасмасында каралар менен актардын же гомосексуалдар менен гетересексуалдардын жашоолорун бири-бирине каршылаштырбайт, Женкинс тасмасынан контрастты такыр алып салган. Анын тасмасында бир дагы ак актёр жок, мунун өзү көп нерсени айтып турат.

Женкинс To Pimp A Butterfly деген тасмасындагы Кендрик Ламарга окшоп кара класстын ички проблемаларын ачыктайт. Колуна териден портфелдерди кармап, шым-костюмчан чыкыйып кийингендерди дээрлик кезиктирүүгө мүмкүн болбогон Майаминин каралар гана жашаган кварталында бири-бирин басмырлоо, фобиялар жана зомбулук өкүм сүрөт — тери пигментинин айынан эмес, адамдын жеке кемчиликтерине байланыштуу бири-бири менен тирешүүлөр, чатакташуулар чыгат.

Женкинстин тасмасы «Конъюнктурага баш ийбейт», башкача айтканда ул учурдун саясий кызыкчылыгына, #BlackLivesMatter кыймылына, Трампка каршы акцияларга көз каранды эмес, аларга тиешеси жок, анткени ал ааламдык маселени көтөрүп жатат. Акыркы он жылдыктагы маселелерге эмес, ал түбөлүктүү маселелерге кайрылат. Ал адамдар тууралуу.

Ооба, «Ла Ла Ленд» дагы, «Ай жарыгы» дагы, бир караганда, бир башкача өңүттөн ачкан сүйүү тууралуу тасмаларга окшошуп кетет. Шазеллдин мюзикли өз каармандары үчүн таңгалычтуу жана жандуу хореографиялык номерлерди сунуштайт. Ал эми Женкинстин драмасы гениалдуу монтажы жана тасмада өзгөчө ролду ойногон укмуш камерасы менен таңгалтырат («Ай жарыгы» тасмасынын алгачкы көрүнүшүндө жергиликтүү наркотик сатуучуну камера айланып тартат, аны көргөн адамдын көөнү айлана баштайт — камера так ушинтип көрөрманды кара Майамидеги дискомфорттуу оор жашоого алып кирет).

Бирок, эки тасма, чынында, таптакыр башка, чоңураак нерсе тууралуу. «Ла Ла Ленд» — кыялга умтулуу тууралуу, ал эми «Ай жарыгы» — өзүңдү өзүң кабылдоо тууралуу. Иши менен сүйүүнүн ортосунда чайналган карьеристтер, же башка бирөөнө тийишип, аны кемсинтип, уруп-сабаган уландар — мындай персонаждар, чындыгында, конъюнктурага баш ийбейт.

«Ай жарыгы» — каралар, же гейлер тууралуу эмес. Ал, биринчи кезекте, адамдар тууралуу — бардыгыбыз, ким болбойлу, биринчи кезекте, адамбыз.


ТЕМА БОЮНЧА – Азамат Өмүралиев Роттердамдагы кинофестивалдан:
БЕРИЛГЕН БАА
«Ай жарыгы»
Азамат Өмүралиев
"Маданият" бөлүмүнүн редактору. Twitter: @opinion_com

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here