«Каарманды бир шаурма баасына сатуу». Он-лайн оюндардан кантип акча табышат

Онлайн-оюндардан жакшы акча тапса болобу? Бир каарманды «жакшыртуу» «Варкрафтта» канча турат? Бул бизнес дүйнөдө жана Кыргызстанда кандай иштейт? Kloop.kgнын кабарчысы Метин Жумагулов ушул суроолорго жооп тапканы аракет кылды.

Жети жыл мурун Rossiya деген каймана ат менен белгилүү кыргызстандык оюнчу көп колдонуучуларга ылайыкталган World of Warcraft (WoW) оюнунун жергиликтүү пираттык серверде ойногонду токтотуп, расмий серверге өткөн. Ал жерде оюнчу башка оюнчуларга акча үчүн өз жөндөмүн сунуштап, онлайн-коммерция менен алектене баштаган.

Rossiya Кыргызстандагы «Варкрафттын» пираттык серверлердин биринде администратор болгон. Мурдагы достору аны өз каармандарын бат эле «жакшыртып», оюнда сейрек кездешкен нерселерге бат жете алган кыйын оюнчу катары билишет.

Расмий серверде деле геймер ушул эле нерселер менен алектенет, бирок акча үчүн. Анын айтымында, бул тармакта акча кылыш үчүн оюндун фанаты гана болгондугу, же жакшы гана ойногондугу аздык кылат. «Оюндун экономикасын жакшы билип, оюнчу катары орто деңгээлден жогорурак болушуң зарыл», — дейт ал.

Элдин калың катмары World of Warcraft оюну тууралуу жакында экранга чыккан «Варкрафт» тасмасы аркылуу билди. Тасмадан скриншот.

Rossiya канча табаарын айткысы келбейт. Жашоого жетет дейт. Анын айтымында, достору күнүнө төрт сааттан ойноп айына $650-$800 акча табышат, бирок алар оюндун эң татаал бөлүгү болуп эсептелген жер алдындагы өткөөлдөрдөн өтүү бөлүгүндө ойношот.

Кыргызстандык оюн ээси Activision Blizzard компаниясынын эрежесин бузууда. Корпорация оюн ойноп акча тапкандарды жактыра бербейт. WoWго жаңы катталып жаткан адам алгач оюндун шарттары менен таанышат, анда коммерция кылууга тыюу салган жерлер бар. Ал шартты аткарбагандыгы үчүн жаза — бан.

Бирок оюнчуларды жазалаш үчүн корпорация алгач ар бирин тыкыр көзөмөлдөшү керек. Бирок онлайн-ишкерлердин бактысына, корпорация дайым эле акча келишими болгонун так аныктап, ал же бул оюнчу коммерция кылды деп ишенимдүү айта албайт. Оюнчулар эч кимге шек алдырбай жүргөнгө, оюндун чаттарында акчалай келишимдерин талкуулабаганга аракет кылышат.

Rossiya системаны алдап акча табуу ага жагаарын жашырбайт. Ал өзү PvP-рейтингди «жакшыртуу» менен шугулданат (дуэлдерде башка оюнчуларга каршы ойноп, аларды жеңип рейтингди өстүрөт). Ал үчүн Rossiya оюнчу менен келишим түзүп, «жакшыртууга» кете турган мөөнөткө оюнчунун аккаунтуна убактылуу киргенге мүмкүнчүлүк алат. Рейтинг өскөндөн кийин ал аккаунтту кайтарып берип, эмгеги үчүн акчасын алат — бардык төлөмдөр расмий серверге тиешеси жок биржалар жана атайын сайттар аркылуу жүргүзүлөт.

World of Warcraft оюнундагы оюн ушундай түрдө өтөт. Силер кайсы бир расадагы каарманды түзүп, ар түрдүү квесттерден өтүп, монстрларды өлтүрүп каарманыңарды жакшырта баштайсыңар.

Акчаны башка жол менен да жасаса болот. Биржада такай отурган Шредер дагы башкалардын каармандарын «жакшыртуу» менен алектенет, бирок PvP-рейтингди өстүрүү жолу менен эмес, каармандардын деңээлин жогорулатуу аркылуу. Бул иш үчүн оюнчулар ага мөөнөтүнө, баштапкы шарттарга жараша орточо алганда $40-60 төлөшөт.

Оюнчунун дагы башка каражат булагы — биржада оюн-алтыны менен соода кылуу. Шредердин түшүндүрмөсү боюнча, оюн коммерциясы жөнөкөй жана кадимки жашоодогудан эч айырмаланбайт: суроо-талаптын деңгээине көз салып, арзанырак сатып алып, кымбатырак сатасың. Чыныгы биржалардагыдай эле бул жерде да демпинг кылгандарды жактыра беришпейт.

«Демперлер — рыноктун чумасы. Булар билбегендиктен алтынды арзан сатып жаткан мектеп окуучулары болушу мүмкүн. А кээ бирлер муну атайын жасашат. Баалардын такай түшүп туруусу чөнтөгүңдү жукартат, анткени суроо-талап өзгөрбөй эле, ошол деңгээлде да», — дейт Шредер.

Кылып жаткан ишин ал «убакытты көп талап кылган, зериктирме, бирок оңой» иш деп баалайт. Ал айына $400-800 табат. Анын айтымында, күнүнө 24 саат коммерциялык иштер менен алектенген оюнчулар да бар. «Аларды ири корпорациялар менен салыштырса болот: мен болсо жөнөкөй, арзан иш менен алектенген жеке ишкер болуп калам», — дейт ал.

Онлайн-оюндардагы ишкерлик боюнча адистешкен «Эльф-соодагердин» кызматынын сайты.

Кардарларды тартыш үчүн жеке трейдерлер өзүлөрүнүн абройлору тууралуу ойлонушу зарыл болот. WoWда гана эмес, бардык көп колдонуучуларга арналган оюндарда биринчи жолу бир нерсе сатып алгысы же саткысы келген тажрыйбасы жок оюнчуларды алдап кеткен учурлар көп кездешет. «Мен ишимди түз эфирде жасайм, башкача айтканда кардар кылып жатканымды көрүп турат. Ишим бүткөндө, бул тууралуу кат жазып билдирем, кардар акчасын төлөйт», — деп түшүндүрдү Шредер. Талаш маселелерди биржа өзү чечет.

Оюндагы кызматыңды гана эмес, каармандары бар аккаунттарды да сатса болот. Анын баасы каармандын жетишкендиктерине, анын «керек-жарак жабдыктарына» жараша болот. Шредердин айтымында, ал $10 турган оюнчудан тартып, баасы $15 миңге жеткен оюнчу менен иштешкенин айтат.

Каармандарды сатууга негизделген жеке ишкерликтин бир мисалы — 30 жаштагы Шейн Жефринин онлайн-дүкөнү. Reddit форумунда америкалык үч жылдын аралыгында $470 миң тапкандыгы менен мактанган, ал эми Wall Street Journalга берген маалыматында, жылына $65 миң киреше табаарын айткан.

Бул иш менен алектене баштагынын себеби катары, 10 жыл мурун аккаунтун сатайын дегенде аны алдап кетишкен окуяны айткан. «Мен ал күнү баалуу сабак алдым», — деп жазат ал. Система кандай иштээрин, кантип жана канча акча тапса болоорун түшүнүш үчүн ага үч жыл керек болду.

Жефринин айтымында, анын дүкөнүндө рыноктогу «мыкты гана аккаунттар» сатылат. «Мисалы, мен азыр Лорд Скарабей менен каарманды $6 миңге саттым. Керек-жарак жабдыктарынын деңгээли орто болчу, а калгандары — элиталык класста», — деп жазат ал. Баанын жогору болушун ал каармандардагы буюмдарды табыш үчүн жылдап ойнош керектиги, ал эми кээ бир нерселерди бүгүн такыр табууга мүмкүн эместиги менен түшүндүрөт.

Жефринин сайтынан скриншот.

Ишкердин өзү каармандарды «жакшыртуу» менен, же аларга сейрек буюмдарды табуу менен алектенбейт. Бул жумуш менен көп акча таппайсың — каарманыңды баштапкы деңгээлден эң жогорку деңгээлге чейин эки күн аралыгында жеткире алган адамды $60га жалдап алса болот. Тажрыйбалуу оюнчулар үчүн оюндун керемети сейрек буюмдарды табууда жана каармандын жетишкендиктерин өстүрүүдө. Мисалы World of Warcraft оюнунун «Корол Личтин каары» деген түрүндө ар бир оюнчунун эңсегени «Кара кайгы» балтасы, ага салыштырмалуу «Кель’Серрар» кылычы жөнөкөй чымын чапкычтай болуп калат.

Жефринин жана да башка онлайн-дүкөндөрдүн кардарларынын өзөгүн оюндун негизги сюжетин кеминде бир жолу толук өтүп, андан да башка чоң нерсени көксөгөн оюнчулар түзөт.

Бул нерсе — оюндун сюжетинен жыргал тапкандын ордуна кайсы бир буюмдарды, керек-жарактарды тынымсыз издөө — сынга көп алынат. Онлайн-оюндардын тилинде аны «манчкинизм» деп коюшат, ал эми оюнчуларды — «манчкиндер». Чынында, онлайн-оюндарда кимиси көбүрөөк экенин — манчкиндерби, же оюндан жыргал алган эстеттерби, айтыш кыйын.

Ахилэс каймана атындагы оюнчу «убакыттын жетишпестигинен жана жалкоолуктун» айынан каарманды кыргыз пираттык серверде сатып алган. Ал башка класста ойногусу келген, бирок каарманды өзү «жакшырткысы» келген эмес. Келишим ага 1000 сомго ($15) турду. «Азыр күлкүң келет, бирок анда башкалардан күчтүүрөөк болуу каалоом чоң болчу», — дейт ал.

Кыргызстанда коммерция менен алектенген оюнчулар анчалык деле көп эмес. Сурамжыланган оюнчулар бир-эки жолу гана бир нерсе сатып алганга, же сатканга аракет кылгандарын айтышты. Синдорэ деген каймана аттагы оюнчунун пикири боюнча, бул бизнестин бизде өнүкпөгөнүн себеби — кыргызстандык оюнчулар расмий серверде ойнобой, пираттык серверерлерде ойногондугунда, ал эми бул серверлерде киреше табуу мүмкүн эмес.

«Кайсы бирлерин [оюндагы каармандарды] бир шаурмага саткан учурарлар болгон, башкаларын 2000 сомго, жалпысынан алганда орточо баа — 500-700 сом», — дейт оюнчу.

Кээде WoWдагы оюн ушуга окшош. Кыйын болсоңор эмне болуп жатканын түшүнүп көргүлө.

Пираттык серверлер расмий серверлерде оюнга жазылуу үчүн акчасы жокторго же, төлөгүсү келбегендерге ыңгайлуу. Мисалы, расмий серверде World of Warcraft оюнун ойнош үчүн айына $10 төлөш керек болот. Ошол эле кезде оюндун түзүүчүсү Blizzard компаниясы сейрек кездешүүчү буюмдарды, же болбосо каарманды жакшыртууну сунуштап, оюнчуларын эсебинен дагы кошумча киреше көргүсү келет. Пираттык серверлердин мүмкүнчүлүктөрү чектелген, бирок алар дагы Blizzard компаниясына окшоп оюнчулардын эсебинен киреше табууну ойлошот.

Кыргыз оюнчулары онлайн-оюндарда акча табуу оор жана опурталдуу деген ойду карманышат. Муну менен алектениш үчүн көп убактыңды ага сарптап, кадыресе ишке кылгандай мамиле кылышың керек. Бирок бардыгы эле көп убакыты жана эмгеги кеткен каармандарды таштагысы келе бербейт. «1000 сомдук каарманга бери дегенде убакытың кетет. Анан да ал сенин кайсы бир бөлүгүң болуп калат», — дейт оюнчулардын бири.

World of Warcraft оюнунун расмий форумунда, аккаунтту кантип акчага сатса болот деген суроолорду көп кезиктирсе болот. Адатынча ага мындай жооп беришет: «Сатса болот, бирок администрация сени банга коюп коёт».

Жефри, Kloop.kg сураган башка трейдерлер сыяктуу эле, анын бизнеси оюндун эрежелерине каршы келээрин билет, бирок ал сатууга жардам берген бир дагы аккаунтка бан коюлбаганын кошумчалайт.

«Blizzard мен тууралуу, онлайн-алтындарды саткандар тууралуу, каармандарды "жакшырткандар" тууралуу бардыгын жакшы эле билет. Бул бизнесте менден да кыйла чоң кызыкдар тараптар бар, бирок алардын бардыгы чоң компаниялар. Эгер бир күнү Blizzard менин сайтымды иликтеп, анын жабылышы тууралуу кагазды алып келишсе, анда айла жок, жабам. Мен эч бир мыйзамды бузган жокмун. Бул болгону бүдөмүк маселе жана колдонуучулук келишимге гана туура келбеген нерсе», — деп жазат ал.


ТЕМА БОЮНЧА: