Салянова парламент комитетинин отурумуна байланыштуу УКМКнын сурагына келбей калды

Оппозициячы депутат Аида Салянова өзү сунуш кылган мыйзам долбоору парламент комитетинде каралып жатканы үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка барбай калды. Сурактын жаңы мөөнөтү азырынча белгисиз.

Салянованы ал 2010-жылы юстиция министри болуп турган убакта бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин уулунун адвокаты Алексей Елисеевдин лицензиясын «мыйзамсыз» узартып берген деген айыптоого байланыштуу чакыртышкан.

Сурак 31-январга 16:00гө дайындалган, бирок ал Салянованын мыйзам долбоору каралып жаткан парламент комитетинин жыйыны менен дал келип калган.

«Сурак мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө адвокаттан тергоочүгө кат жөнөтүлгөн. Биздин суракка барбарыбызды алар жакшы билген», — деп жазды депутат «Фэйсбуктагы» өз барагында 31-январь күнү кечинде.

Салянованын ордуна УКМКнын имаратына 20дай киши келип, аны колдоп чакан митинг өткөрүштү.

Салянованы колдогон митинг. Сүрөт: Zanoza.kg

Сурактын жаңы мөөнөтү азырынча айтылган жок, УКМК комментарий бере элек.

Башкы прокурордон оппозицияга

Мурдагы юстиция министри жана башкы прокурор Аида Салянова президент Алмазбек Атамбаевди 2015-жылдын башынан тартып ачык сындай баштаган.

Ошол кезде, башкы прокурордун кызматынан кетип жатып ал Бишкек жылуулук борборуна мыйзамсыз көмүр жеткирүү боюнча күйөөсүнө каршы кылмыш иши козголгон соң бийликти кысым көрсөткөнү үчүн айыптаган.

 

Аида Салянованын резюмеси:

1997 — 2008: Парламент аппаратында эксперт, андан соң бөлүм башчы
2008 — 2010: Юстиция министрлигинин статс-катчысы
Июль 2010 — декабрь 2010: Юстиция министри
Апрель 2011 — январь 2015: Башкы прокурор
Октябрь 2015 — азыркы учур: парламент депутаты

2016-жылы, оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын депутаты болуп шайланган соң Салянова Атамбаевдин конституциялык реформасына каршы чыгып, өлкөдөгү белдүү оппозициячыл саясатчылардын бирине айланды.

Ошол эле жылы анын күйөөсү шартту түрдө жети жылга кесилип, ал эми Башкы прокуратура Салянованын өзүнө каршы Елисеевдин лицензиясы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратура Салянова башкарган Юстиция министрлиги Елисеевдин соттолгону тууралуу маалымдаманы суратпай туруп анын лицензиясын узартып берген деп жатат.

Елисеев өзү ал учурда мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим менен байланышкан кылмыш иштеринин фигуранты болгон. Башкы прокуратура Юстиция министрлиги анын лицензиясын узартууда адвокаттын өздүк ишинин материалдарын жок кылган деп шектенүүдө.

Кийин Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен Елисеевди сегиз жылга эркинен ажыратууга сырттан өкүм чыккан.

Салянова өзү болсо «Азаттык» үналгысы менен болгон маекте өзүнө каршы козголгон кылмыш ишинде кылмыш курамы жок экенин билдирген.