Евробиримдик Грузия үчүн визасыз тартипти киргизүүнү колдоду

Европарламенттин депутаттары пленардык жыйынында Грузия үчүн визасыз тартипти киргизүүнү колдоого алышты. Эми биометрикалык паспорттору бар бул өлкөнүн жарандары Евробиримдикке (ЕБ) кирген өлкөлөргө эркин келе алышат.

Европарламент депутаттарынын көпчүлүгү бул чечимди жактырышкан. Ал Евробиримдиктин расмий журналында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

Бирок кайсы бир мыйзам бузуулар катталса визасыз тартип токтотулат, деп эскертет ЕБ.

Визасыз тартип биометрикалык паспорттору бар Грузиянын жарандарына жана да 90 күнгө чейинки гана сапарларга колдонулат. «Куттуктайм! Был чынында эле тарыхый окуя!» — дейт өз твиттеринде Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили.

«Европа парламенти Грузия үчүн визасыз тартипти киргизүүгө добуш берди. 553 макул, 66 каршы, 28 калыс», — деп жазды твиттеринде «Азаттык Радиосунун» журналисти Рикард Йозвяк.

Бул тартипти киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөр 2012-жылдан бери жүргүзүлүп келген.

Еврокомиссия бир нече жолу парламентти Грузияга визаны алып салууга чакырган. 12-январда Европарламенттин ички иштер жана жарандык эркиндиктер боюнча комитети бул чечимди колдоого алган.

«Еврокомиссия 2016-жылдын мартында эле визалык тартипти алып салуу боюнча иш-аракеттер планын Грузия толугу менен аткарды деген бүтүм чыгарган, ошондуктан мен Европарламентти бул чечимди колдоп коюуга чакырам», — деди миграция, ички иштер жана жарандык боюнча комиссар Димитрис Аврамопулос.

Еврокомиссия Грузиядан сырткары Украина үчүн дагы визаны алып салуу сунушун киргизген. Бирок мурдараак Европарламент бул маселенин каралышын 2017-жылдын апрелине жылдырган болчу.

Сүрөт: AP


ТЕМА БОЮНЧА: