Жаш жигитти сабаганы үчүн эки милиция кызматкери кармалды

Милиция Бишкектеги «Оливье» кафесинин жанында 21 жаштагы жигитти сабаганы үчүн өз кесиптештерин кармады. Жабыркаган жигиттин бир тууганы милиция кызматкерлери мас абалында болушканын айтып жатат.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы жигитти милициянын Чүй облусунун Аламүдүн бөлүмүн эки кызматкери сабаганын билдирди. Азыр иш Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди, ал жерде кылмыш иши козголоор-козголбосу чечилет.

Жабыркаган жигиттин бир тууганы 1-февралда «Инстаграмга» видео чыгарды, анда кафеден эки киши чыга калып, жаш жигитти сабап киришкени көрүнүп турат. Ал бир тууганын «мас» милиция кызматкерлери сабап салышканын жазган.

«Биринчи май РИИБнин кызматкерлери инимди сабап кетишти. Иним аларды билбейт, алар деле аны билбейт. Ал такси күтүп турган, мушташ болоорун күткөн да эмес. Ал күнү Биринчи май РИИБнин Азамат деген кызматкеринин туулган күнү болуп жаткан экен», — деп жазды ал.

Анын айтымында, иниси операция болуп, башынан катуу жаракат алып, жаагы сынган.

«Анын оозундагы жарасын тигип чыгышты. Экспертиза иним ал күнү ичкилик ичпегенин көрсөттү, өзү деле башынан бери ичпейт», — деп жазды ал.

Просьба о помощи !!! Люди , кто может опубликовать это у себя на FACEBOOK , пишите нам на ватсап, номер на главной странице, в описании ., я вам отправлю видео . Мы не смогли пройти мимо такого случая , на месте этого парня может оказаться любой из нас ! Я высылаю оригинал видео материала всем СМИ Кыргызстана, надеюсь обратят должное внимание . Уважаемые сотрудники МВД которые еще не запятнали свой мундир грязью , прошу вас помочь этому парню добиться справедливости ! Такие "сотрудники " портят честь честных милиционеров ! Я надеюсь что у нас в стране еще остались такие . От подписчицы (с) 29 января возле кафе , выяснено что сотрудники Первомайского ровд избили моего братишку. Братишка их знать не знает, и они его не знают. Он ждал такси, и даже не ожидал потасовки. В этот день отмечали день рождения Азамата сотрудника Первомайского РОВД, рядом кто бьет его зовут Нурлан. Братишку прооперировали,тяжелая трамва головы, челюсть сломана, зашивали раны во рту, гемотомы, удары пришлись в голову в основном, мужикам по 30-35 лет, братишке 21. Экспертиза показала что в этот день он был трезв, да и братишка не пьющий парень ! Писали заявление, и милицию и в прокуратуру, но они пытаются замять дело, даже не приехали в больницу, братишка сейчас в тяжёлом состоянии, теряет сознание. Предстоит ещё операция. Хочу чтоб люди знали вот как наши доблестные "милицейские " защищают наших жителей. *Время на камерах наблюдения не правильно настроены ! Пояснили в администрации кафе .

A video posted by OMKS | KYRGYZSTAN | VIDEO (@omks_video) on

Жабыркаган жигиттин туугандары арыз жазышкан соң аларга кысым көрсөтүлө баштады. Туугандарынын айтымында, аларга «Жогорку Кеңеш менен прокуратура кызматкерлери чалып», арызын кайра алып коюуну өтүнүшүп жатышат.