«Ататүрк-Алатоо» университетинин дипломдору Түркияда эми кабыл алынбайт

Түркия эл аралык «Ататүрк-Алатоо» университетинин дипломдорун жараксыз деп тапты. Буга чейин Стамбулдун прокуратурасы аталган университетти куугунтуктагы саясатчы жана диний насаатчы Фетхуллах Гүлендин «террористтик идеяларын» жайылтып жатат деп күмөн санаганын билдирген болчу.

«Ататүрк-Алатоо» университетинин эл аралык мамилелер факультетинин башчысынын орун басары Мавлюда Гусейнова Kloop.kgге курган маегинде учурда Түркияда бул окуу жай берип жаткан дипломдор жараксыз деп табылып жатканын айтты.

«Мурда биздин студенттер эч кандай көйгөйсүз ал жакта [Түркияда] жумушка орношуп жүргөн. Азыр болсо студенттерден [өлкөгө] эмне максатта келгенин сурап жатышат», — деди ал.

Анын айтымында, окуу жайга болгон мамиле Түркиядагы саясий кырдаалдардан улам өзгөргөн. Окуу жай Түркияга билим алуу үчүн жиберген айрым студенттерге университеттер жабылып калгандыгына байланыштуу кайра кайтып келүүгө туура келген.

Стамбул прокуратурасы тарабынан университетке коюлган кине далилсиз экенин айтат Гусейнова.

Ал кошумчалагандай, Түркиядагы прокуратура эч кандай ачык-так билдирүү жасай элек, азырынча бир гана Hürriyet басылмасында университетке карата күмөн санап жатканы боюнча маалымат бар.

«Биздин университет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чектеринде иштейт», — деди ал.

Түрк бийлиги Гүленди 2016-жылдын июль айынын ортосунда Стамбул шаарындагы аскердик төңкөрүш аракети боюнча айыптаган.

Анда Түркия өкмөтү Кыргызстандан Гүлен менен байланышы бар бардык мекемелерди жабууну талап кылган — а бул болсо 30 билим берүү мекемелерине тишелүү: алардын арасында «Себат» лицейлери жана «Ататүрк-Алатоо» университети бар.

Кыргызстан болсо билим берүү мекемелерин жабуудан баш тартып, Түркияны өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөгө чакырган.

Учурда «Себат» лицейлер тармагы жарым-жартылай Кыргызстандын менчигине өткөрүлүүдө. Билим берүү министрлиги аталган билим берүү мекемелерине карата жаңы жоболорду иштеп чыгып, жаңы аталыш берүүнүн үстүнөн иштеп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: