Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan 2017 сулуулук жана эрдик сынагынын жеңүүчүсү 20 жаштагы Азиз Юсупов болду. Ал Филиппинде өтө турган эл аралык сынакта Кыргызстандын атынан катышмакчы.

Эң сулуу эркек наамы үчүн 25 катышуучу ат салышты.

3-орунду Каныбек Залкарбеков алды. Ал Сербияда өтө турган «MISTER STARTEEN 2017» сынагына Кыргызстандын атынан катышат.

2-орунду Жоомарт Алымбаев алды. Ал Балиде өтө турган эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан чыгат.

1-орунга Азиз Юсупов татыктуу болду. Ал Филиппинде өтө турган «MAN OF THE WORLD 2017» эл аралык сынагында Кыргызстандын атынан катышат.

«Ар бир эркек мергенчи олжого умтулат. Менин катышуумдан максат жеңүү болгон. Сахнада кичине адреналин сездим», — деди сынактын жеңүүчүсү.

Иш-чаранын уюштуруучулары: Serebrov Models эркектердин моделдик агенттиги, Dumanaev studio жана Indonesian Male Pageant уюму. Компаниялар Кыргызстандагы эркектердин сулуулук индустриясын өнүктүрүү ниетинде.

«Кыргызстанда фешн индустрия өнүккөн эмес, биз бул сынак менен бул багытты көтөрүп өнүктүргүбүз келет. Биздин желегибиз Эл аралык сулуулар сынагында көтөрүлүшүн каалайт элем», — деди Serebrov Modelsтин башчысы Алим Серебров.

Эркектердин сулуулар сынагына 600дөй көрүүчү күбө болду. Чогулган акчанын бир бөлүгүн уюштуруучулар кайрымдуулук фондуна которушмакчы. Фондго келип түшкөн каражат «Мисс Кыргызстан-2013» сынагынын жеңүүчүсү Жибек Нукееванын дарылануусуна жумшалат. Нукеева рак илдетине чалдыгып, Чехияда протон терапия курсун алышы керек.

Сүрөт: Уулжан Саякбаева


ТЕМА БОЮНЧА: