Кыргызстандын эмгек мигранттары Орусияда пенсия ала алышат. Бирок баары эмес

Орусиядагы эмгек мигранттары. Иллюстративдүү сүрөт

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздоо боюнча макулдашууга 2017-жылдын аягына чейин кол коюлат. Пенсияны макулдашууга кол коюлгандан кийин гана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттары ала алышат.

Өлкөсүнө кайтып келген эмгек мигранттарынын биринчи толкуну бул келишимге кирбейт.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кыргыз мигранттарына пенсия берүү боюнча сүйлөшүүлөр эки жылдан бери жүрүп келген.

Натыйжада Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирген өлкөлөрдүн ортосунда макулдашуу иштелип чыгып, ага ылайык, мигранттар кайсы өлкөдө иштесе, өз мекенине кайтып келгенден кийин деле ошол жерден пенсия ала алышат.

Макулдашуунун акыркы баскычы ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөгү пенсия төлөмдөрүнө болгон ар түрдүү талаптардан улам кечеңдеп жатат.

Эң чоң пикир келишпестик Орусияда 2015-жылы киргизилген баллдык системага байланыштуу болууда.

Баллдык система боюнча, жаш курагы боюнча камсыздама пенсиясын алуу үчүн 40 жана андан көп пенсиялык баллга ээ болуу керектелет. Бир мигрант Орусияда иштеген бир жылы үчүн бир балл алат.

Кыргыз Республикасынын Соцфондунун тышкы байланыштар, калк жана мамлекеттик органдар менен иштөө жана жарандардын кайрылуулары боюнча иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетовдун айтымында, эмгек мигранттарына пенсияны адамдар кайсы өлкөнүн жараны болсо, ошол өлкөнүн банкына которушу керек.

«Биздин жаран Кыргызстанга кайтып келип, туруктуу жашап жаткан болсо жана качан анын пенсия курагы келип калса, Соцфонд Орусия тарапка сурам жөнөтүп, биздин мекендешибиздин Орусияда иштеген убакта канча эмгек стажына ээ болгонун эсептеп, камсыздама взносторун которууну өтүнөт», — деди Мукамбетов.

Кыргызстандагы жана башка ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөгү камсыздама взносторун эске алып пенсияны которуу пландалууда.

«Эгерде эмгек мигранты Кыргызстандын жараны болуп туруп, бир гана өз өлкөсүндө жана Орусияда эле эмес, мисалы Казакстанда да эмгек стажына ээ болгон болсо, анда анын пенсиясы ошол өлкөлөрдө төлөнгөн камсыздама взносторунан түзүлмөкчү», — деп айтты Муканбетов.


ТЕМА БОЮНЧА: