Өзбекстан: Балдар эми пахта тербейт

Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) Өзбекстандагы пахта терүү жумуштарына эми балдар тартылбай турганын билдирип чыкты. Буга чейин Өзбекстандагы радио жана телевидениелер аркылуу балдарды эмгекке тартууга жол берилбеси тууралуу калкка айтылып келген.

ЭЭУ өзүнүн отчётун чыгарды. Анда Өзбекстанда пахта терүү иштеринде балдарды эмгекке тартуу токтотулганы жөнүндө айтылат.

«Балдар эмгегинин туура эместиги коомдун бардык катмарында таанылууда: бийликтегилер, адистер, фермерлер, ата-энелер жана балдардын өздөрү тарабынан да. Өзбекстан балдар эмгекке тартуу практикасын токтотту», — делет ЭЭУнун отчётунда.

Балдар эмгегин мажбурлап пайдаланууну токтотуу үчүн өлкөдө call-борборлор түзүлүп, бул эмгек мыйзамдарынын бузулушу тууралуу кабарлоого мүмкүнчүлүк берет.

Балдарды ишке тартуунун туура эместиги тууралуу радио-телелерден айтылып, элдин арасында китепче жана кагаздар таратылган.

ЭЭУ мында ары дагы өлкөдө балдардын эмгекке тартылбасын көзөмөлдөп турмакчы.

Бул аймакта студенттер, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери да бар. Бул катмар дагы жыл сайын пахта жыйноого мажбурланат.

Өзбекстан «Эң жаман формадагы балдар эмгегине тыюу салуу жана аны тез арада токтотуу чаралары жөнүндөгү» Женева конвенциясын 2008-жылы эле ратификациялаган. Бирок ошого карабастан өспүрүмдөрдү дыйкан чарбасындагы жумушка тартуу токтотула элек болчу.

Балдар эмгегин пахта жыйноодо пайдаланууну токтотуу боюнча иштер ЭЭУ жана Дүйнөлүк банктын кызматташтыгы менен ордунан жылган. Аталган уюмдар өлкөдө пахта өндүрүүдөн баш тартып башка нерсе менен алектенүү боюнча бир канча программаларды иштеп чыгышкан.

Соңку пахта жыйноо кампаниясынын жыйынтыгы боюнча ЭЭУ менен Дүйнөлүк банк Өзбекстан менен кызматташуусун дагы эки жылга узарткан.


ТЕМА БОЮНЧА: