Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги талаш: КСДП коалицияга кирди

Социал-демократтар Жалал-Абад шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясына кирди. Мурдагы партиялар бирикмесине алар кирбей калганы, КСДПнын депутаттарын нааразы кылган болчу.

КСДП, «Кыргызстан» жана «Республика — Ата-Журт» Жалал-Абад шаардык кеңешинде жаңы коалициялык көпчүлүк түзүштү. Ага 31 депутаттын 18и кирди. Бул акыркы айда коалиция түзүү боюнча экинчи жолку аракет.

Биринчи коалиция 12-январда «Өнүгүү — Прогресс», «Республика — Ата-Журт» жана «Ата-Журта» фракцияларынан түзүлгөн болчу.

Бирок президентти колдогон социал-демократтарга оппозицияда болуу жакпай калып, алар бул коалицияны «мыйзамсыз» деп чыгышкан.

«Өнүгүү-Прогресстин» коалиция түзгөн депутаттары бирикмеге социал-демократтар менен «Кыргызстандын» депутаттары кирбей калганын алар жыйынга келбей коюшканы менен түшүндүрүшкөн.

КСДП менен «Кыргызстан» өздөрү болсо «коалиция түзүү маселесин башка жакта талкуулап жатышканы» үчүн жыйынга келбей калышканын айтышкан.

Натыйжада «Республика — Ата-Журт» биринчи коалициядан чыгып, КСДП менен «Кыргызстанга» кошулуп кеткени үчүн биримдик тарап кеткен.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары 11-декабрда шайланган.