Атамбаев Белгия менен Германияга барып келет

Президент Алмазбек Атамбаев Белгияга жана Германияга расмий иш сапары менен барып келет. Иш сапарынын максаты жана так мөөнөтү азырынча белгисиз, бирок февралда болот деген божомол бар.

Атамбаев Евробиримдиктин штаб-квартирасы турган Брюсселге бараары так белгилүү.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов Атамбаев иш сапарында Европа Биримдигинин институттарынын жетекчилери менен жолугушаарын билдирди.

Брюсселге Молдованын президенти Игорь Додон, Азербайжандын башчысы Илхам Алиев жана Болгариянын президенти Румен Радев барышты.

Брюссел азырынча Атамбаевдин жана Украинанын премьер-министри Владимир Гройсмандын келишин күтүп жатат.

Бул Атамбаевдин Европага барган биринчи расмий иш сапары эмес. 2015-жылдын мартында Атамбаев Европаны кыдырып, ага президенттин администрациясы «мурда болуп көрбөгөндөй» деп баа берген.

Анда президент Австрияга, Францияга, Швейцарияга, Белгияга жана Германияга барган.

Ал европалык ишкерлер менен ишкерлик кызматташтыкты, өлкөнүн экономиканын айкындуулугун арттырууну жана коррупция менен күрөш маселесин талкуулап, Кыргызстан ишкерлер үчүн эркин өлкө болуп калганын белгилеген.

Европанын айрым мамлекеттеринин президенттери менен ал Европа Биримдигини менен Орусиянын кызматташтыгын талкуулаган.

Акыркы жолу Атамбаев Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен 2016-жылы 14-июлда, Бишкекке расмий иш сапары менен Германиянын канцлери Ангела Меркел келгенде жолугушкан.

Анда Атамбаев Евробиримдикти Орусияга каршы санкциялар боюнча кепке келүүгө үндөгөн. Меркел бул үчүн «белгилүү бир убакыт» өтүшү керек экенин айткан.

Меркел ал кезде өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин Атамбаевдин эсине салган. Ал Атамбаев ага Аскаровдун иши «толук айкындуулукта» карала тургандыгы тууралуу убада бергенин айткан. Атамбаев өзү ошондо бул иш «кайрадан ийне-жибине чейин каралып чыгаарын» билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: