Бишкек: Жигитти сабаган эки милиционер убактылуу кармоочу жайга камалды

Бишкектеги «Оливье» кафесинин жанында 21 жаштагы жигитти сабап кетүү фактысы боюнча милиция кылмыш ишин козгоду. Эки милиционер камакка алынды — аларды иштен бошотуп, убактылуу кармоочу жайга отургузушту.

Бишкектин Токтогул көчөсү жана Манас проспектисинин кесилишинде жайгашкан «Оливье» кафесинин жанында 21-жаштагы жигитти сабап кеткен эки милиционерди Бишкек милициясы камакка алды.

Камалгандар Свердлов районунун кылмыштарды тергөө бөлүмүндө жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүндө оперативдик кызматкерлер болуп иштешкен, экөө тең болжолдуу 25 жашта.

Сабап кетүү фактысы боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, экөө беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Жабыр тарткан стационардык дарыланууда болгондуктан, соттук-медициналык экспертиза белгиленди. Анын жыйынтыгы боюнча алынган жараттардын оордугу аныкталат», — деди Kloop.kgге берген интервьюсунда Бишкек ШИИБдин басма сөз катчысы Олжобай Казыбаев.

Кармалгандар иштеген бөлүктөрдүн жетекчилерине карата дисциплинардык чаралар көрүлмөкчү.

Казыбаевдин сөзү боюнча, милиция алгач башкаларды кармап алган, ошондуктан башында Чүй облусунун Аламүдүн милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды деген маалымат кеткен.

Жабыркаган жигиттин бир тууганы 1-февралда «инстаграмга» видео чыгарган, анда кафеден эки киши чыга калып, жаш жигитти сабап киришкени көрүнүп турат. Ал бир тууганын «мас» милиция кызматкерлери сабап салышканын жазган. Анын айтымында, иниси операция болуп, башынан катуу жаракат алып, жаагы сынган.

Жабыркаган жигиттин туугандары арыз жазышкан соң аларга кысым көрсөтүлө баштаган. Туугандарынын айтымында, аларга «Жогорку Кеңеш менен прокуратура кызматкерлери чалып», арызын кайра алып коюуну өтүнүшүп жатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: