Кабул: Жогорку соттун жанындагы жардыруу 20дан ашык адамдын өмүрүн алды

Афганистандын борбору Кабулда, Жогорку соттун жанында жанкечти өзүн жардырды. Жардыруудан 20дан ашык адам каза болду. 40тан ашык киши ар түрдүү жараттар менен ооруканаларга жеткирилди.

Полициянын маалыматы боюнча, жардыруу Жогорку соттун кире беришинде болгон. Иш убактысы бүткөндүктөн, кызматкерлердин көбү имараттан чыгып баратышкан.

Бомбаны жардырган жанкечти эч бир чакырык кылган эмес. Соттун имаратынан бардык адамдар шашылыш түрдө чыгарылган.

«Жардыруунун үнүн угаар менен Жогорку соттун унаалар токтоочу жайына шашылдым, ал жакта менин бир тууганым иштейт эле», — дейт күбөлөрдүн бири.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, жабыр тарткандардын саны өсүшү мүмкүн, жардыруу болгон жерде тез жардам бригадалары дагы эле иштерин улантууда.

Азырынча бир да террорчул уюм жардырууну уюштурганын моюнуна алалек.

Сүрөт: Flickr/ Heinrich-Böll-Stiftung