Баласынын көзүнчө зордуктоо: Соттолуучунун адвокаты күнөө далилденген жок деп эсептейт

Соттолгон кишинин адвокаты Жуматай Абдрахманов анын кардары аялды зордуктаганы боюнча эч кандай далил жок деп эсептейт.

Абдрахмановдун айтымында, Тоң райондук соту өкүм чыгарып жатканда жабыркаган аялдын баласынын көрсөтмөсүн негиз туткан.

«Экспертизанын бардык корутундулары зордуктоо болбогонун көрсөтүп турат. Жабыркаган аялдын ич кийиминде соттолгондун антигендери табылган эмес. Денесинде урунган жери болгон эмес», — деди Абдрахманов.

Адвокат бул иш боюнча чыккан өкүмдү «мыйзамсыз» деп эсептейт. Анын айтымында, таксист «мас абалындагы» жабыркаган аялды түшүрүп салып кетип калган.

«Ал аны Балыкчы шаарында калтырып кеткен, аял акыл-эси ордунда эмес, мас болчу. Ал аны күчкө салып түшүрүп коюп кетип калган», — деди адвокат.

Адвокаттын сөзү толугу менен:

Өтө эле жеңил өкүм

Балыкчы шаарында аялдын баласынын көзүнчө зордукталышы Кыргызстанда чоң сөз болду, анткени жыныстык зомбулук боюнча айыпталган таксист натыйжада өтө эле кыска мөөнөткө — үч жылга эркинен ажыратууга кесилген.

Жабыркаган аялдын адвокатынын айтымында, сот айыпкердин эки баласы бар экенин жана буга чейин соттолбогонун жазаны жеңилдетүүчү жагдай катары баалаган.

Анын сөзүнө караганда, ал зордукчуну Кылмыш кодексинин «Зордуктоо» беренесинин экинчи бөлүгү боюнча жазалоону суранган, ага ылайык жазаны оорлотуучу жагдайлардан улам 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралат. Анткени аялды зордуктоо баласынын көзүнчө болгон жана баланын өмүрүнө коркунуч келген.

Бирок «Зордуктоо» беренеси боюнча эң жеңил жаза — беш жылга эркинен ажыратуу болсо да, сот алда канча жеңил өкүм чыгарган.

Жабыркаган аялдын адвокатынын айтымында, судья прокуратура менен келишип алып, бул ишти кайрадан квалификациялаган болушу мүмкүн.

Зордукчунун жаза мөөнөтүнөн эмитен эле жарым жыл алынып ташталды, анткени ал үч айды ТИЗОдо отурган, ал жердеги бир күн экөө катары эсептелет. Ошентип, соттолгон киши колонияда 2,5 жыл өткөрүшү калды.

Зордуктоо

Зордуктоо 2016-жылдын 29-июлунда, аял беш жашар баласы менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан Бишкекке кайтып баратканда болгон. Таксист аны баласынын көзүнчө зордуктап салган.

«Беш жашар уулум ошол убакта автоунаанын ичинде калып, кыйкырып жатты. Зордукчу андан кийин баламды автоунаадан ыргытып жиберип, укук коргоо органдарына кайрылсам өлтүрүп сала турганын айтып коркутуп туруп кетип калды», — деп айтып берген жабыркаган аял.

Жабыркаган аял дароо укук коргоо органдарына кайрылып, кылмышкер кийинки күнү кармалган.

Тоң райондук прокуратурасы жазанын кыска мөөнөтүнө каршы даттанып, иш Ысык-Көл облустук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн, жаңы өкүмдүн чыга турган убактысы азырынча белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: