УКМК журналист Сапановдун китебинин айынан анын үйүн тинтип чыкты

Атайын кызмат журналист Зулпукар Сапановдун үйүндө тинтүү жүргүзүп, андан соң суракка алды. Бул окуя диний ишмерлер Сапановдун «Кыдыр санжырасы» китебинен диндер аралык кастыкты козутууну көргөнүнөн улам болгон.

Сапанов анын «Кыдыр Санжырасы» китебинин үзүндүлөрү бир нече басылмаларда чыккандан кийин анын үйүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери «кылдаттык менен» тинтип чыкканын билдирди.

«(Бул китептен) алынган материалдар гезитте жарыяланган. Ошол себептен кечээ УКМКнын кызматкерлери мага келип, үйдөн компьютер менен китептерди алып кетишти», — деди ал.

Сапановдун айтымында, ал акылман Кыдырды кудай деп болжогондугу үчүн бир нече диний кызматкерлер аны сотко берип, УКМКга кайрылышкан.

«Алар мени Кыдыр кудайбы, ал эми Аллах шайтанбы деп суроо бергеним үчүн айыптап жатышат. Алар издеп жүргөн эч кандай дин аралык чатак жок. Мен журналист катары айтканга укугум бар, суроо бергенге, жооп бергенге акым бар», — деп эсептейт ал.

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев китептен алынган үзүндүлөрдүн басылып чыгышы ислам баалуулуктарын кемсинтээрин айтты.

«Материалда ислам баалуулуктарын жана олуяларды мазактаган жерлер бар. Негизи Кыдыр акылман жана ойчул болгон. Ал жөнөкөй адам болгон, бирок Сапанов китебинде аны кудай деп атаган. Кыдырды кудай деген исламда чоң күнөө […]», — деди Атабаев.

Ал мындай билдирүүлөр дин аралык чатакка алып келет деп эсептейт.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин башчысы Адил Турдукулов атайын кызматтын аракеттери тескерисинче, китептен басылып чыккан үзүндүлөргө, китептин өзүнө коомдук кызуугуну жаратат деген пикирде.

«Эгерде мындай тинтүү, сотко чакыруу болбогондо, телефондорду тартып албаганда бул макаланы эч ким эстеп да коймок эмес. Ал [гезиттин] арткы бетинде болчу. УКМК кызматкерлеринин аракеттери тескерисинче, [китепте баяндалган] ойлорду жайылтууга салым кошот», — деп эсептейт ал.

Турдукулов макалалар үчүн журналистерди тинтүүдө атайы кызмат «туура эмес» максат коёт деп эсептейт.

Ал ошондой эле сурактын беш саатка созулушу мыйзамды бузуу болоорун белгиледи.

УКМКнын өзү бул кырдаалга түшүндүрмө берүүгө баш тартты.

Журналисттин сүрөтү анын «Фэйсбуктагы» жеке барагынан алынды


ТЕМА БОЮНЧА: