Видео: Акчанын тартыштыгынан Караколдогу жолдордун тешиктери эски асфальт менен бүтөлүп жатат

Интернетте муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү Караколдун борборундагы жолдорду эски асфальт менен бүтөп жаткан видео пайда болду. Мэр бюджетте жолдорду жакшылап оңдоого акча жок экенин айтып, өкмөттөн жардам сурап жатат.

Караколдун тургуну Фархад Расулов видео тартып, анда муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү Караколдогу тешиктерди «кайдагы бир ылай менен» бүтөп жатышканына ачуусу келген.

«Караколдун кир көчөлөрүн кайдагы бир таштанды менен толтуруп жатышат. Көчөдө XXI кылым. Казакстан менен Орусиядан коноктор келсе күлөт», — деп комментарий берет ал.

Караколдун мэри Данияр Арпачиев Kloop.kgге айткандай, бул жолдордун тешиктерин бүтөп оңдоо «натыйжасыз» жана жол кыртышын толугу менен алмаштырыш керек.

 

Арпачиевдин түшүндүргөнүнө караганда, мэрия тешиктерди «эски асфальт» менен толтурууга мажбур, анткени мэрияда жолду башынан баштап оңдоп чыкканга акча жок.

«Бизде жолдорду башынан баштап оңдоп чыкканга 374 миллион сом керек, биздин жергиликтүү бюджет болсо өзү араң 170 миллион сом. […] Эски асфальт бар болчу, ошону менен тешикти бүтөп жатышат, эски материалдар менен себелеп жатышат», — деп түшүндүрдү мэр.

Арпачиев толтурулган тешиктер шаардыктарга «жок дегенде 15 күн» кызмат кылаарын айтат.

«Каракол шаары кышында, жада калса жайында деле туристтик борбор болуп эсептелээрин эске алып, мэрия өкмөттөн жана бийликтен жардам сурайт», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Видеонун автору: Фархад Расулов
Сүрөт: Сайкал Аттокурова


ТЕМА БОЮНЧА: