Актёр Жеки Чан кытай телекөрсөтүүсүнүн биринин эфиринде аудиторияны өзүнүн жаңы каскадёрлор командасы менен тааныштырды. Алып баруучу ага аны менен 80-жылдарда иштеген каскадёрлордун видеокайрылуусун көрсөттү. Жеки Чан көз жашын тыюуга аракет кылгыча анын эски командасы келип артына чогулуп калды.

Өз каскадёрлорунун жаңы курамын ал кытай телеканалдарынын бириндеги «Ace vs Ace» берүүсүндө алып чыкты.

Эфир учурунда алып баруучу актёрго анын алгачкы каскадёрлорунун видеокайрылуусун көрсөттү — Жеки Чан өз карьерасын 1970-80-жылдары дал ошолор менен баштаган.

Карьерасынын башында эле Жеки Чан «Sing Kar Pan» аттуу өз каскадёрлор командасын түзгөн. Каскадёрлорго биринчи жолу жакшы акча төлөнүп, медициналык камсыздама бериле баштаган. Алардын көпчүлүгү менен ал өз балалыгын өткөргөн мектеп-интернаттан бери тааныш болчу. Алар анын 28 фильмине хореографиялык номерлерди коюп, ал тургай фильмдер тартылып жатканда аны менен чогуу жашашкан.

Жеки Чандын алгачкы командасы актёрго видео жаздырып, ага ар кандай турмуштук кыйын кырдаалдарда жардам бергени үчүн ырахмат айтты.

Актёр өзүнүн туңгуч командасынын кайрылуусу тартылган видеотасманы кунт коюп карап жатканда Жеки Чандын артында турган жаш каскадёрлордун ордуна анын эски кызматташтары сахнага чыкты.

Тасманы көргөндөн кийин актёр эреркеп араң эле турган.

«Мен кинематографтагы эмгегим үчүн Оскар алсам дагы, бул баарыбыз үчүн сыйлык», — деп келатып ал артын карай калды. Артында турган эски командасын көрүп, актёр ыйлап жиберди.

Жеки Чан — «Гиннесстин рекорддор китебинин» үч сыйлыгынын ээси, ал азыр жашап жаткан каскадёрлордун кимисинен болбосун көп трюктарды аткарган.

Иштеп жүргөн жылдар ичинде ал дээрлик бардык сөөктөрүнө зыян келип, мурду үч жолу талкаланып, колдору эсепсиз сынган. Эки ийнин тең, жамбашын жана төш сөөгүн чыгарып алган. Бир жолу анын жамбаштары эки транспорт каражатынын ортосунда тебеленип калган.

Сүрөт: Vanity Fair

2016-жылы ноябрда ал кино өнөрүнө кошкон салымы үчүн «Оскар» сыйлыгын алган.

«Forbes» журналынын рейтинги боюнча, 2016-жылы Жеки Чан эң көп акча төлөнүүчү актёрлордун арасынан экинчи орун алган. Анын «Маймылдар падышасы» мультфильмин үндөштүргөнү жана кытай фильмдериндеги ролдору үчүн тапкан кирешеси бир жыл ичинде 61 миллион долларга барабар.

Ийгиликтүү актёр, режиссёр жана ЮНИСЕФтин элчиси Жеки Чан Кытайдын кылмыштуу синдикаттары болгон триадалардан эркиндик укугун тартып алган Гонконг кино өндүрүшүндөгү бирден бир адам болуп эсептелет.


ТЕМА БОЮНЧА: