Башкы прокуратура Бакиевдин мүлкүнө байланыштуу МККнын жетекчисин кызматтан алууну талап кылды

Прокуратуранын пикиринде, МККнын жетекчиси Тайырбек Сарпашев Максим Бакиевдин мүлкүнөн тыюуну албашы керек болчу. Көзөмөлдөөчү орган анын кызматтан кетишин талап кылууда, Сарпашев болсо айыптоолорду четке кагып жатат.

Башкы прокуратура премьер-министр Сооронбай Жээнбековго Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) жетекчиси Тайырбек Сарпашевди кызматтан алуусун сунуш кылды.

Буга Сарпашевдин Скрябин көчөсү, 45-45а дареги боюнча, башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ульяна Пакка таандык кыймылсыз мүлктөн тыюуну алып салганы себеп болгон. Көзөмөлдөөчү орган аны куулган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы деп атоодо.

Ушул жер тилке үчүн Башкы прокуратура ММКнын жетекчисин кызматтан алууну сунуш кылды.

Прокуратуранын пикиринде, Сарпашев мыйзам бузуп, өз ишин «тийиштүү деңгээлде аткарбагандыктан жемкорлукка шарт түзүлгөн».

МККнын жетекчиси Сарпашев өзү кылган аракеттеринде эч кандай мыйзам бузуу жок деп эсептейт. Ал чечим чыгарып жатып Бишкектин район аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы өкүмүнө таянган, ал эми бул өкүм менен сөз болуп жаткан мүлктөн тыюу алынган болчу.

Көзөмөлдөөчү орган өз кезегинде билдиргендей, Бишкек прокуратурасы соттук чечимге даттанып, ал эми район аралык соттун чечиминин аткарылуусу Бишкек шаардык сот тарабынан токтотулган.

Скрябин көч., 45-45а. Сүрөт: 5-канал

Сарпашев премьер-министрге расмий кат жолдоп, анда бул маселе боюнча териштирүү жүргүзүүнү өтүнгөн.

«Анда мен өз жүйөлөрүмдү келтирдим жана да бул маселе боюнча эмне үчүн МКК туура экендигинин себептерин айттым», — деп билдирди ал.

Сарпашевдин сөзү боюнча, прокуратура салынган тыюу тууралуу катын кеч жиберген. Эки мекеменин ортосундагы документтер алмашуусу дагы деле бүтө электигин кошумчалады ал.

«Кылбаган нерсени кылды деп мени күнөөлөп жатышат. Биз болгону каттайбыз, ээси каякта, кимге жер тилкени саталы деп чечти, аны биз билбейбиз», — деди ал.

Мындан мурдараак ушул эле маселе боюнча Сарпашевди кызматынан алуу сунушун «Республика — Ата-Журт» фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов айтып чыккан.

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттооо кызматын 2015-жылдын ноябрынан бери жетектеп келет.


ТЕМА БОЮНЧА: