«Боинг-747нин» кыйрашы: Камсыздандыруучу компания учак үчүн $38 миллион төлөп бергенге даяр

Дача-СУ айылына 16-январда кулаган жүк ташуучу «Боинг-747нин» камсыздаруучу компаниясы учак үчүн $38 миллион төлөп бергенге даяр. Кырсык 39 кишинин өмүрүн алып кеткен.

Бишкектин жанына кулаган «Боинг-747» учагын камсыздандырган казактардын «Евразия» компаниясы билдиргендей, учактын кыйрашынын себеби камсыздандыруу келишиминде каралган тобокелдиктердин бири болгондо гана учак үчүн акча төлөнүп берилет.

Компания керектүү маалыматтар жана документтер чогултулуп, учактын кыйрашынан келтирилген зыяндын өлчөмү так эсептелгенден кийин акчаны дароо төлөп бергенге даяр.

«Эң жаман сценарий боюнча, бардык кайра камсыздандыруучулар учак үчүн эле $38 миллион төлөшү мүмкүн. Бирок бул алдын ала эсептелген гана сандар. Төлөп берилүүчү сумма бир нече эсе чоң болуп калышы мүмкүн, анткени авиакырсыктын себептери жана кесепеттери азырынча толук изилденип бүтө элек», — деп билдирди компания.

Териштирүү иштерине Кыргызстан, Түркия жана АКШ катышууда: Кыргызстан кырсык болгон өлкө катары, Түркия авиакомпания катталган жана учак колдонулган өлкө катары, АКШ учак иштелип чыккан өлкө катары.

Жүк ташүүчү «Боинг-747» учагы 16-январда саат 7:20да «Манас» аба майданынын жанында кыйраган. Ал жакын жерде жайгашкан Дача-СУ айылына кулап, 60тан ашык адам жашаган 26 үйдү талкалаган.

ӨКМдин маалыматы боюнча, учактын кыйрашынан келтирилген зыяндын өлчөмү 186,5 миллион сомду түзгөн.

Жүк ташуучу учактын кыйрашынан 38 киши каза болду. Алардын көбү — Дача-СУ айылынын тургундары. Дагы бир айылдын тургуну 22-январда катуу күйүктүн айынан бул дүйнө менен коштошкон.


ТЕМА БОЮНЧА: