Депутаттар КТРКдагы «Келин» көрсөтүүсүн жаап салууну талап кылышты

Парламенттин бир катар депутаттары КТРК каналында көрсөтүлүп жаткан «Келин» теледолбоорун жаап салууну талап кылышты. Депутаттар бул көрсөтүү кайнене менен келиндин ортосундагы мамиле тууралуу эски көз караштарды бекемдейт деп эсептешет.

Көрсөтүүнү жабуу тууралуу талап парламенттин 9-февралдагы жыйынында коюлду.

Депутат Аида Салянова

Теледолбоорго каршы чыккандардын бири «Ата Мекен» фракциясынын депутат Аида Салянова болду. Анын пикиринде, көрсөтүүдөгү кайнененин образы жаш кыздардын аң-сезимине терс таасир тийгизиши мүмкүн.

«Кыздарга каардуу, терс мамиле кылуунун ордуна биз кайнене менен келиндин ортосундагы достук, ынтымактуу мамилелерди жайылтышыбыз керек», — деди ал.

Депутат Наталья Никитенко

Салянованы башка депутаттар да колдошту. Наталья Никитенко бул көрсөтүү зомбулукка үгүттөп, келиндин негизги максаты — кайненеге жагуу деген көндүм ойду бекемдейт деп эсептейт.

Депутат Айнуру Алтыбаева

КДСПнын депутаты Айнуру Алтыбаева активисттер «Келин» долбоорун жабууну талап кылып ага активисттер кайрылышканын айтты.

«Бул КТРКнын долбоору эмес, ал аны сатып алган, КТРКнын коомдук кеңеши активисттердин кайрылуусун карап чыгышы керек», — деди Алтыбаева.

КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков

КТРК каналынын башкы директору Илим Карыпбеков «Фэйсбуктагы» өзүнүн барагында теледолбоордун максаты аялдарды эзүү эмес, салттын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү экенин жазды.

«Долбоор зомбулукка да, байкуш аялдарды эзүүгө да, феминисттерди же эркин кыргыз кыздарынын өз алдынчалыгы үчүн күрөшүүчүлөрдү кемсинте турган кандайдыр терс жагдайларга да үгүттөбөйт!» — деп жазды ал.

Көрүүчүлөрдүн пикири эки бөлүндү. Айрымдары бул көрсөтүү аялдарды кемсинтүүгө үгүттөйт дешсе, башкалары аны анча деле эрен-төрөн көрүшпөйт. Долбоорду колдогон жана ага каршы чыккан интернет-активисттер кол топтоп жатышат.

Көрсөтүүнүн КТРК алып чыккан жана кеңири кеп болгон тандоо айлампасына 26 жаш кыз катышып, алардын ону көрсөтүүнүн катышуучусу катары тандалып алынган.

Катышуучу кыздар «сеп» — эмерек жана чет өлкөгө жолдомо — утуп алыш үчүн уй саагандан тартып боорсок жасаганга чейинки бир катар сыноолордон өтүшү керек.

Тапшырмалардын баары кейипкерлерге кынтык коё берген кыйкымчыл «кайнененин» көзөмөлү астында аткарылат.


ТЕМА БОЮНЧА: