Каржы министрлиги «каражатты үнөмдөш» үчүн 200дөн ашык кызматкерди иштен бошотту

Министрликтин түзүмүн «оптималдаштыруу» максатында Каржы министрлиги 225 кызматкерин кыскартты. Муну менен мекеме жылына 60 миллион сомго чейин каражат үнөмдөп калууну көздөйт.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин пикиринде, министрликте иштегендердин санын кыскартуу жолу менен жылына 60 миллион сомго чейин үнөмдөсө болот.

«Биз кыскартуу жүргүзүп, Эмгек кодексине ылайык [иштен бошотулгандарга] үч айлык компенсациясын төлөп берүүдөбүз», — дейт Касымалиев.

Кыскартылгандардын арасында 110 мамлекеттик кызматкер жана 115 кенже тейлөөчү жана техникалык кызматкерлер бар.

Министрлик билдиргендей, мекемеге тийиштүү райондук каржы жана казыналык бөлүмдөр бириктирилет.

Бийлик бул кадамдарды «өлкөдөгү экономикалык абалды турукташтырууга» жардам бере турган «кризиске каршы чаралар» деп атады.

2016-жылдын аягында кризиске каршы чаралардын бири катары мамлекеттик кызматкерлердин санынын өсүшүнө мораторий киргизилген.

«Өкмөт тогуз министрликтин жана жети аминистративдик мекеменин түзүмдөрүн жакшыртуу тууралуу чечим чыгарды», — деген анда вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

2016-жылдын сентябрында 2017-2018-жылдардагы бюджетти талкуулап жатканда өкмөт мамлекеттик органдардын чыгымын 14 миллиард сомго кыскарта тургандыгын билдирген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун ошол кездеги сөзү боюнча, биринчи кезекте мамлекеттик органдардын транспорттук жана ишсапар чыгымдары, байланыш чыгымдары жана дагы башка бюджеттин корголбогон статьялары кыскартылмакчы.

«Ошону менен катар корголгон статьялар боюнча: айлык акылар, жөлөк пулдар, пенсиялар жана башка социалдык төлөмдөр толук көлөмдө төлөнүп турат», — деген ошондо Жээнбеков.


ТЕМА БОЮНЧА: