Акыркы күндөрү коомдук тармактарда КТРКда көрсөтүлгөн жаңы «Келин» теледолбоорунун айланасында кызуу талкуу жүрүп жатат.

Айзада Тома.

Колонка автордун жеке көз карашын чагылдырат. Автору: Айзада Тома.

Реалити-шоу, бардык эле ТВ-продукт сыяктуу эле коом үчүн тартылгандыктан, ошол коомдун күзгүсү болуп эсептелет. Сыналгыда коомубузга жараша берүүлөр болот.

Эстеп көрөлүчү, «лайв» стилине окшош нерселер качантан бери каналдарыбызда пайда боло баштады эле?

***

«Айнектин ар жагында» («За стеклом») (2001)

Жаш, чырайлуу, дымагы күчтүү улан-кыздардын айнек менен бөлүнгөн бөлмөлөрдө жашаганын көрсөткөн алгачкы орусиялык реалити-шоу. Көрүүчүлөр алардын кылып жатканын ачык көрө алышат эле. Ал эми алардын кылгандары, гм…, укмуш эле.

Сүрөт: Владимир Веленургин.

«Секси жок» СССРде төрөлгөн, оюн-зоокторду көрбөгөн балдар чоңоюп, аларды ата-энеси капустадан таппаганын билишип, ал эми «Плейбой» журналынын көптөгөн көчүрмөлөрү өткөн чакта калган. Мурч керек болчу, анда мына, вуаля — мыйзамдаштырылган аңдып кароо укмуш рейтинг алып келген.

«Жылдыздар фабрикасы» (2002)

Капыстан жеткиликтүү болуп калган MTVны көргөндөрдүн бардыгы жылдыздардын жашоосун самап калышкан — кооз автоунаалар, кооз үйлөр, кооз кийимдер… килем төшөлгөн жолдор.

Сүрөт: Фабрика звезд.

Бул оңой эле да — башкысы чырайлуу болуп, бийлегенди жана фонограмма учурунда оозду туура ачканды билишиң керек. А бул нерсени КМШнын калкынын жарымы жасаганды билет. Ме сага анда жаңы берүү, жөнөкөй кыз-уландар сыяктуулар заматта жылдызга айлана калат.

«Үй-2» (2004)

Советтик менталитеттен эми такыр бошондук деп ойлогон коом эркин болууну көксөгөн. Анан да бактылуу аягында хор менен ырдалган «Бииз бактылууубуз (Мыыы счаааастливы)» деген дале эсиңердеби? Унутуп калсаңар, бул берүү дагы деле бар, карап көргүлө. Тобокел кылып көргүлө.

Сүрөт: Үй-2.

А бактылуу болуш үчүн эмне керек? Эркин мамилелер, чагымчылык жана жакшынакай бет. Жыйынтыгында биз алмашпас кошуналарды табабыз — «Үй-2».

«Бойдок»

Курсагы көп чыкпаган, күрөң кызыл жекетчен «Жаңы орустун» образынын ордуна азыр өзүн тыкан кармаган, капчыгына акчасы батпай, каалаган «чиканы» тандап ала алгандын образы келген.

Сүрөт: Бойдок.

Бул термин үчүн кечирим сурайм, бирок акыркы он жылда так ушул имидж катуу таңууланып жатты. Шиш така-декольте-терилер-узун чач — эркектин жакшы көргөн аксессуары. Балким, «Ламборжиниден» кийинкиси.

***

Эми мына «убактысы келип» кыргызстандыктар да өз шоусун тартууну чечти. Ары-бери ойлонуп, кыздар катышсын дешти, бул кооз эмеспи. «Бойдок» сыяктуу кылсакпы?

Жок, болбойт, бул уят, эл эмне дейт (керектүүсүн белгилеп койгула). Келиндин образын алууну чечишти, «инстаграмга сүрөт жайгашыргандан башка эч нерсе билбеген кыздарды чыныгы жашоонун оорчулугу менен текшерүү» деген ураанды карманып, аны кыйнап көрөлү дешти.

Эмне үчүн бизде бул шоуну көрүшөт?

Анткени биздин өлкөдө:

  • көчөдө кызга тийишүү «көңүл бургандык» деп эсептелет»;
  • кыздар турмушка даярданып жатып, келечектеги жолдошу үй-бүлөсүндө «жалгыз уулу же кенжеси» болбогонуна өзгөчө маани беришет;
  • айыл мектебиндеги мектеп менен коштошуу иш-чарасы — ала качууга уруксат берген расмий билет;
  • карыларды урматтоо менен эйжизмдин (адамды жашына карата басмырлоо) ортосундагы айырмачылык белгиленбейт;
  • коом адамдын жеке турмушуна кийлигише берет — мисалы, кыздын («Качан турмушка чыгасың?», «Качан төрөйсүң?», «Экинчиси качан?», «А эмне үчүн жалаң кыздар?»);
  • мизогиния (аялзатына ишенбөөчүлүк, текебер мамиле) тим эле өсүп-өрчүп жатат (сасыганга чейин десе болот);
  • бурмаланган дин акыркы инстанциядагы чындык деп кабыл алынат.

Жыйынтыктап айтсам, биз жашаган өлкөдө, бул реалити-шоу көрүмдүү болот.

Аны үй-бүлөсү менен чогулуп алып көрүшөт, сыналгыдагы кыздардан өзүлөрүн же жакындарын таанып, кыздын бирөөсү боорсок бышырып жатып майга колун күйгүзүп алса, каткырып күлүп.

Бүл үй-бүлөдө тарбияланган кызда анын бул жашоодогу башкы максаты — он эки адамга бешбармакты даярдаганды, кайын энесине массаж жасаганды билиш керек деген түшүнүк жаралат. А эркек балдардын түшүнүгүндө жашоо — бул таттуу нерсе, акысыз иштеген кулду үйгө аласың, эл көзүнчө аны аялым деп койсоң болот деген нерсе калыптанат.

Сыналгыда апасы кыздарды мал тандагандай карап-сынап турганын көрүп эч ким эч нерсе дебейт. Ооба-ооба, мал базарда «Канча сүт берет болду экен?» деп мал тандагандай, бул жерде «Канча небере (сөз эркектери тууралуу) төрөп берет болду экен? Күчтүүлүгү кандай — канчасын тейлеп, бок-кирин жууп бералат болду экен?».

«Биз кыргызбыз да, бизде нике гана» деген сөзгө эч ким эч нерсе дебейт — бул сөздү угуп алып баруучусу да, бардыгын билген кайненеси да, ушуга окшош нерселер КТРКнын эфирине (кабелдик эмес, коомдук каналдын эфирине) чыгып кетпесине көз салган редакторлору да эч нерсе дебегендей.

Жашасын сюр, урматтуу мырзалар.


ТЕМА БОЮНЧА:

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here