Бакыт Төрөбаев президенттик кызмат үчүн ат салышат

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы, депутат Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого катышаарын билдирген экинчи саясатчы болуп калды. Ал Кыргызстан гүлдөп өнүгүшү үчүн «жаш саясий күчтөр» зарыл деп эсептейт.

Төрөбаевдин талапкерлигин президенттик кызматка көрсөтүү жөнүндө чечим анын «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын жыйынында кабыл алынды.

Азырынча Төрөбаев өз программасын элге расмий алып чыга элек, бирок Кыргызстанга «жаш саясий күчтөрдүн» келиши жана «жаңы чечимдердин кабыл алынышы» зарыл экенин белгиледи.

«Мыйзамдын диктатурасы болушу керек. Биз четте турбашыбыз керек. Биздин убак келди. Жаңы чечимдерди кабыл ала турган учур келди. Биз биригип, өлкөдө тартип орното алаарыбызды көрсөтүшүбүз зарыл», — деди ал.

Саясатчы ошондой эле экономикалык жактан Кыргызстан ЕАЭБ базарына багыт алышы керек экенин айтты.

«Биз үчүн негизги багыт ЕАЭБ өлкөлөрүнүн базарына түздөнүү болушу керек. Кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн экспорттук дараметин ишке ашыруу — биздин жарандардын жыргалчылыгынын негизи», — деп эсептейт Төрөбаев.

Бакыт Төрөбаев — парламент депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы. Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде 2009-жылдан 2010-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген. Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөт тарабынан кызматтан четтетилген.

Андан соң «Республика» партиясынан парламет депутаты болуп шайланып, Жогорку Кеңештин вице-спикери болгон. 2013-жылы ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, эки жылдан кийин «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан парламентке депутат болуп шайланган.

Азырынча 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого карата мамлекет башчысынын кызматына Төрөбаев менен кошкондо эки саясатчы ат салышууда.

Өз талапкерлигин коёрун биринчи болуп мурдагы премьер-министр Темир Сариев билдирген. Өз программасында ал коррупция менен күрөшүүгө, өнөр жай ишканаларын ишке киргизүүгө жана Конституцияны өзгөртүүгө убада берген.


ТЕМА БОЮНЧА: