Айсулуу Тыныбекова, Арсен Эралиев жана Эламан Догдурбек уулу Эл аралык спорттук күрөш федерациясынын алдыңкы 5 ордун ээледи. Дагы беш кыргызстандык алдыңкы 20 балбандын арасынан орун алды.

Айсулуу Тыныбекова Риодогу Олимпиада оюндарында. Коло медаль үчүн таймашта. Сүрөт: rio2016.com

«Иван Ярыгин-2017» гран-присинин жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова Эл аралык спорттук күрөш федерациясынын UWW (United World Wrestling) — Күрөш бириккен дүйнөсүнүн жаңыртылган рейтингинде 5-орунду алды.

Риодогу Олимпиада оюндарында Тыныбекова коло медаль үчүн күрөштө утулуп калып, 5-орунга ээ болгон.

Арсен Эралиев Риодогу Олимпиад оюндарында. Коло медаль үчүн күрөш. Сүрөт: АКИпресс

Өз салмак категориясында (59 кг чейин) грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев да 5-орун алды. Риодогу Олимпиада оюндарында Эралиев коло медаль үчүн күрөшкө жеткен, бирок Өзбекстандан келген балбандан утулуп калып, оюнду 5-орун менен аяктаган.

Ошол эле салмак категориясында азыркы Азия чемпиону жана студенттер арасындагы дүйнө чемпиону Каныбек Жолчубеков 10-орунду ээледи.

Грек-рим стилиндеги күрөштүн дүйнөлүк рейтингине Руслан Царев (71 кг чейин) — 15-орун менен, Мурат Рамонов (130 кг чейин) — 15-орун менен жана студенттер арасындагы дүйнө чемпиону Эсен Асанов (75 кг чейин) — 20-орун менен кирди.

Эламан Догдурбек уулу Кореядлагы Азия оюндарында. Сүрөт: АКИпресс

Эркин күрөш боюнча рейтингде 79 кг чейинки салмакта Венгриядагы дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси болгон Эламан Догдурбек уулу 4-орунду ээледи.

Ал эми 97 кг салмакка чейинки категорияда Азия чемионатынын коло медалынын ээси Магомед Мусаев 11-орунга татыды.

Рейтингде негизинен Орусиянын балбандары көп. Тагыраак айтканда, дүйнөлүк рейтингдеги ар бир төртүнчү балбан орусиялык.


ТЕМА БОЮНЧА: