УКМК Бишкекте жаш жигитти сабап кеткен милиция кызматкерлеринин ишин карайт

Жаш жигитти сабап кеткен эки милиция кызматкерлеринин иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилди. Бул иш менен милиция алектенбейт, анткени мыйзамды анын кызматкерлери өздөрү бузушкан.

Токтогул көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишиндеги «Оливье» кафесинин жанында 21 жаштагы жигитти сабап кеткен эки ыкчам кызматкерди 7-февралда Бишкек милициясы камакка алды.

Мушташ боюнча башкалаанын милициясы «Ээнбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон, бирок азыр бул иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп жатат.

«Тергөө учурунда шектүүлөр ТИЗОдо болот. Бул ишти УКМК карайт, анткени мыйзамды ички иштер органынын кызматкерлери бузган», — деп билдирди басма сөз кызматы.

УКМКнын басма сөз кызматынын өзү кандайдыр түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Кармалган милиция өкүлдөрү Свердлов районунун кылмышкерлерди издөө жана Бишкектин ШИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүндө ыкчам кызматкерлери болушкан, экөө тең болжол менен 25 жашта. Алар кызматтан бошотулду.

Эки эркек киши кафеден чыгып, андан соң жаш жигитти сабай баштаган видеону жабыркаган жигиттин бир тууганы 1-февралда «Инстаграммга» койгон. Ал бир тууганын «мас» милиция кызматкерлери сабаганын жазган. Анын айтымында, бир тууганына операция жасалган, жаагы сынып, башынан оор жаракат алган.

Токмок жеген жигиттин туугандары аларга прокуратура менен парламенттегилер телефон чалып, арызын кайра алышын суранып басым көрсөтүп жатышканы тууралуу арызданышкан.

Авторлошу: Марат Абдыкалыков


ТЕМА БОЮНЧА: