Улуттук банк: Сомдун расмий графикалык символу пайда болду

Кыргызстандын Улуттук банкы кыргыз сомунун расмий графикалык символун бекитти.

Улуттук банк коммерциялык банктарды, каржы мекемелерин, жеке жана юридикалык жактарды жаңы расмий белгини колдонууга үндөдү.

«Улуттук банк графикалык символду […] товарлардын, иштердин жана төйлөөнүн базарында жарнаманы, маалыматтык жана маалымдамалык материалдарды даярдоодо, жайгаштырууда жана таркатууда жана башка максаттарда пайдаланууну сунуш кылат», — деп билдирди Улуттук банк.

Сом Кыргызстандын аймагында расмий валюта катары 1993-жылы май айында киргизилген. Анда өлкө эгемендик алганына эки жыл болгон.

Сомдун графикалык символу.

2017-жылдын башынан тартып Улуттук банк 200, 500 жана 1000 сомдук номиналдагы банкноталардын жаңы дизайнын да киргизди.

Банкноталардагы кыргыздын атактуу адамдарынын сүрөттөрү тагыраак болуп калганына карабастан, коомдук түйүндөрдү колдонуучулар жана айрым парламент депутаттары 200 сомдук купюраны сындап чыгышкан. Андагы тартылган акын жана драматург Алыкула Осмонова сүрөтүндөгү көзү бир топ эле кыйшык болуп калган.

Анда дизайнерлер Никита Тарасенко менен Дмитрий Бондарев купюранын жакшыраак түрүн сунуш кылышкан, бирок Улуттук банк эки жүз сомдук купюранын көрүнүшүн өзгөрткөн эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: