Улуу Британиянын парламенти Евробиримдиктен чыгуу боюнча мыйзам долбоорун колдоду

Британ парламентинин төмөнкү палатасы үчүнчү жана акыркы окууда өлкөнүн Евробиримдиктен чыгышы жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Эгерде бул актыны парламенттин жогорку палатасы да колдосо, «брекзит» — Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуу процесси — расмий башталат.

Британ парламентинин төмөнкү палатасы болгон коомчулук палатасы акыркы, үчүнчү окууда Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгышы жөнүндө акт кабыл алды.

Өкмөттүн Евробиримдиктен чыгуу жөнүндө мыйзам долбоорун 494 депутат колдоп, 122си каршы чыкты.

Акыркы добуш берүүнүн алдындагы дебатта парламент бир нече түзөтүүнү, анын ичинде өлкө биримдиктен чыгып кеткенден кийин ЕБ жарандарынын Улуу Британияда кала берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жаткан. Бирок түзөтүүлөр кабыл алынган жок.

Парламенттин колдоосунан тышкары, Евробиримдиктен чыгуу жөнүндө акт лоррдор палатасы — өлкө парламентинин жогорку палатасы тарабынан да жактырылышы керек.

Эгерде жогорку палата өлкөнүн ЕБден чыгышы тууралуу актыны колдосо, Британиянын премьер-министри Тереза Мей «брекзитти», өлкөнү Евробиримдиктен чыгаруу процессин расмий баштай берсе болот.

Мыйзам долбоору марттын башына карата, ЕБ саммити башталгыча жактырылат деген божомол бар.

Сүрөт: The Independent

Улуу Британиянын Евробиримдиктеги мүчөлүгү жөнүндө референдум 2016-жылдын 23-июнунда болгон. Референдумга Улуу Британиянын жана Шериктештик өлкөлөрүнүн — Британиянын доминиондорунун жарандары, ошондой эле чет өлкөдө жашап жаткан британдыктар катышкан.

Референдумдун жыйынтыгы боюнча жарандардын 51,89 пайызы «брекзит» үчүн добуш берген. Расмий маалыматтар боюнча, референдумга катышуу 72 пайызды түзгөн — бул акыркы он жылдык үчүн рекорддук көрсөткүч.

Референдумдан кийин «брекзитке» каршы чыгып жүргөн мурдагы премьер-министр Дэвид Кэмерон кызматынан баш тарткан.

Кызык жери, 2013-жылы Кэмерон өзү Британиянын Евробиримдикте андан ары мүчө болор-болбосу тууралуу жалпы элдик референдум өткөрүүнү сунуш кылган эле. Өз демилгесин ал Евробиримдикте реформа жүргүзүп же Британиянын мүчөлүк шарттарын өзгөртүүнү көздөгөнү менен негиздеген болчу.

Британ коомчулугу референдумдун алдында экиге бөлүнүп калган. Элдин жарымы Евробиримдиктен чыгуу идеясын колдосо, дагы жарымы каршы чыккан. Саясий ишмерлердин пикири да эки бөлүнгөн. «Брэкзитти» колдогондор ЕБде мүчө болуу өлкөдөгү экономиканын өсүшүн басаңдатат, өлкө өз чек арасын көзөмөлгө алышын чектейт деп эсептешкен.

Британиянын ЕБден чыгышына каршы болгон жарандар, анда мүчө болуу тескерисинче, экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт, анткени Европа өлкөлөрүнө өз товарларын сатыш жеңил болот деген пикирде эле.

«Брэкзит» деген сөздү («Britain» — «Британия», жана «Exit» — «чыгуу») 2012-жылы июнда британ аналитикалык борбору өзүнүн твиттер-аккаунтунда колдонгон соң ал колдонууга кирген.

Бул сөз менен Британиянын Евробиримдиктен чыгышын белгилей башташкан. Кийин бул сөз айкашын Улуу Британиядагы жалпыга маалымдоо каражаттары илип кетишкен. «Брэкзит» сөзүнүн тескериси «бремэйн» («Britain» — «Британия», жана «Remain» — «калуу») болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: