Адегенде кафени ИИМдин кызматкерлери текшерип, андан соң кылмышкерлер тоношкон

ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкектеги «Цзи Сян» кытай кафесинде мыйзамсыз текшерүү өткөрүшкөн. Ошол эле күнү кечинде кафеге куралчан каракчылар кол салып, 100 миң сом тоноп кетишкен.

Бишкек прокуратурасы аныктап чыккандай, ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери Кытайдын жарандарынын өздүк документтерин жана Кыргызстанда иштөөгө уруксат кагаздары барбы-жокпу экенин мыйзамсыз текшеришкен.

Кафенин эки кызматкери көрсөтмө берүү үчүн милицияга алып барылып, бирок Кытай жарандарын суракка алуу факты каттоо журналына түшүрүлгөн эмес.

Бир сааттан кийин кафенин жумушчуларын коё беришкен. Кафенин администрациясынан кабарлашкандай, ИИМдин кызматкерлери текшерүүнүн жана суракка алуунун себептерин түшүндүрүшкөн эмес.

Кыргыз өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июлундагы №417-токтомуна ылайык, ишкерлердин укук коргоо органдары тарабынан прокуратура органдарындагы тиешелүү каттоосу жок эле текшерилишине жол берилбейт.

Прокуратура ИИМдин башчысы Улан Исраиловго Кытай жарандарын мыйзамсыз кармаган ИИМдин кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу боюнча өтүнүч жолдоду.

Мыйзамсыз текшерүү 6-февралда саат 17:30да болгон, ал эми ошол эле күнү болжолдуу 21:55терде «Цзи Сян» кафесине куралчан каракчылар кол салган. Кафенин кожоюндарын жана меймандарын курал менен коркутуп, алар 100 миң сом тоноп кетишкен.

«Биз кетели деп жатканбыз, бирок тарс эткен үндү уктук. Адегенде салют экен деп ойлогонбуз. Бир убакта эле беткап кийген автоматчан кишилер кирип келип, баарыбызга жерге жатканга буйрук берип, болбосо өлтүрөөрүн айтышты. Биз коркуп кетип алардын талабын аткардык», — деген K-News маалымат агенттигине курган маегинде кытай кафесине келгендердин бири.

Окуя боюнча «Карактоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, милиция окуяны иликтөөнү улантууда.

Каракчылар кармалса мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА: