Морган Фриман өзбек киносунун трейлеринде. Бирок фильмде ал жок

«Өзбеккино» улуттук агенттиги «Дайди» фильминин прокатын автордук укуктардын бузулушунан улам токтотту. Timur Film киностудиясы болсо кинонун трейлеринде жана көрнөктөрүндө америкалык актёр Морган Фримандын сүрөтүн колдонуу менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурган.

«Дайди (Селсаяк)» фильминин жаратуучулары трейлер жана көрнөк-жарнактарында америкалык актёр Морган Фримандын сүрөтүн колдонушкан.

Аталган кинонун трейлери менен көрнөктөрүндө Фримандын «Акыркы рыцарлар» фильминдеги образы пайдаланылган.

«Өзбеккино» «Дайди» фильминин 11-февралга белгиленген премьерасын алып салып, «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү» жана «Автордук жана колдонуу укуктары жөнүндөгү» мыйзамдардын бузулганын билдирди — фильмдин жаратуучулары чет элдик өндүрүштөгү фильмдин кадрларын коммерциялык максатта колдонушкан.

Ошондой эле, «Өзбеккино» Атаандаштык боюнча мамлекеттик комитет менен Интеллектуалдык менчик боюнча агенттигине сурам жөнөткөн. Аталган мекемелер эми фильмдин мындан ары көрсөтүлүп-көрсөтүлбөшү боюнча чечим кабыл алышы керек болот.

Timur Film студиясы бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Морган Фриман — 79 жаштагы голливуд актёру. Ал өзүнүн көп жылдык актёрдук карьерасында 50дөн ашык тасмада башкы каармандын ролун жараткан.

Ал роль жараткан эң белгилүү фильмдер: «Шоушенктен качуу (The Shawshank Redemption)», «Жети (Seven)», «Слевиндин бактылуу саны (Lucky Number Slevin)» жана «Азыр же эч качан (The Bucket List)».


ТЕМА БОЮНЧА: