Карлос Тевес, Оскар, Халк жана башка көптөгөн белгилүү футболчулар өз карьераларын кытай футбол клубдарында улантуу боюнча чечимге келишкен. Кытай футболу «келишип алынган матчтардын чемпионатынан» жылдыз футболчуларга ээ болгон топко айланууда.

Мунун баары эмнеден башталды?

Кытай футболунун башталышы чемпионаттын алдыңкы командалары менен келишип алынган беттештерге, калыстарга, оюнчу жана машыктыруучуларга карата кылмыш иштерине толуп кеткен болчу.

Кылмыш иштеринин майда-бараттары эми жөн эле таң калтырчу. Мисалы, 2009-жылга чейин Кытайдагы матчтардын 30 пайызы алдын ала келишилип алынган. Ооз жабар катары айына 200 миң фунттан алган оюнчуларга 5 миң фунттан төлөп турушкан.

Мунун баары улуттук курамага кирүү үчүн бир орунду 15 миң долларга баалаганга чейин жеткирген. Ал эми бир оюнчунун ордуна кирүүнүн баасы 18 миң доллар болгон.

Мындай темп менен бараткан кытай футболунун келечеги жоктой эле болуп калган.

Сүрөт: Getty Images.

Бул башаламандык Тайланд менен Кытайдын курамалары беттешкенде өз апогейине жеткен. Анда Кытай курамасы 5:1 эсебинде утулган. Эки команданын оюнунан кийин нааразы болгон күйөрмандар чыгып бараткан автобустун жолун тосушкан.

Автобус эптеп өз жолуна чыккандан кийин дүрбөлөң башталган. Күйөрмандар автомобилдерди талкалашып, бөтөлкө жана таштар менен ургулашкан. Жыйынтыгында жүздөй адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Бул окуялардын баары КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинди жергиликтүү футболго көңүл бурууга түрткөн.

Си Цзиньпин футболго байланыштуу өзүнө үч максат койгон: кытай курамасын дүйнөлүк чемпионатка жеткирүү, мундиалды өз аймагында өткөрүү жана дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жетүү.

«Гуанчжоу Эвергранд Таобао» футболдук клубу. Сүрөт: МРК.

Андан соң тез эле кытай спорт базарын өнүктүрүп, анын жылдык көлөмүн 800 млрд долларга чыгаруу боюнча дагы бир тапшырма пайда болгон.

Футбол — кытай компаниялары үчүн пайдалуу бизнес. Анткени фирмалардын ээлери үлкөн футбол командаларын каржылоо менен өз имиджин көтөрүүгө жетишкен.

Жакында эле Кытайда футболго олуттуу көңүл буруп машыга башташкан. Кытай суперлигасы чет элдик оюнчуларды өзүнө тартуу үчүн 2013-жылы 28 млн доллар короткон, 2014-жылы болсо — 104 млн доллар. Бул сандар кезектеги трасфер терезеси ачылгандан бери болуп көрбөгөндөй өсүүдө.

Кытай футболу дүйнөлүк оюнчуларды сатып алууда

Жакында эле лондондук «Челсинин» мурдагы оюнчусу Оскар Кытайдын «Шанхай СИПГ» клубуна өткөн. Ал жылына 22 млн доллар алат. Өз кезегинде «көктөр» бразилиялыктын трасфери үчүн 70 млн доллар алганга жетишкен. «TransferMarkt» порталынын баасы боюнча, кытайлыктар ашыкчасы менен төлөп беришкен.

Оскарды шанхай клубунун күйөрмандары тосуп алууда. Сүрөт: Getty Images.

Кандай ойдосуз, кайсы футболчунун айлыгы эң көп? Лионель Мессиникиби? Криштиану Роналдунукубу? Жок, андай эмес. Баарынан көп айлыкты дүйнөдө кытай командасына өткөн аргентиналык Карлос Тевес алат. Ал, расмий эмес маалыматтарга караганда, жылына болжолдуу 40 млн евро иштеп табат.

Карлос Тевести кытай аэропортунда тосуп алууда. Сүрөт: Imago.

Бразилия курамасындагы Оскардын өнөктөшү Халк дагы өз карьерасын «Шанхай СИПГ» кытай клубунда улантып жатат. Санкт-Петербургдук «Зенит» өзүнүн форвардын 2016-жылдын жай мезгилинде саткан.

Халкты Кытайда тосуп алууда. Сүрөт: Getty Images.

Кытай чемпионаты бир гана атактуу футболчулардын ысымдары менен эле эмес, машыктыруучулары менен да белгилүү.

Учурда «Гуанчжоу Эверграндды» башкарып жаткан Луис Филипе Сколари эки жолу лиганын мыкты машыктыруучусу аталган. Бразилиялык адис кытай чемпионатын эки жолу катары менен утуп алган.

Луис Филипе Сколари. Сүрөт: Getty Images.

«Алтын топтун» 2006-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын ээси Фабио Каннаваро дагы өзүнүн машыктыруучу карьерасын кытай суперлигасында баштаган. Ал өзүнүн «Тяньцзынь Суанцзяны» менен 2016-2017-жылдагы сезонундагы Кытайдын кубогун жеңип алган.

Фабио Каннаваро «Тяньцзынь Суанцзяндын» машыктыруучусу. Сүрөт: Daily Mail.

«Хэбэй Чайна Форчун» клубун Мануэль Пеллегрини жетектөөдө. Ал «Реал Мадрид» менен «Манчестер Ситинин» мурдагы машыктыруучусу.

Мануэль Пеллегрини. Сүрөт: IBTimes UK.

Кытайлык футболчуларды басынтпаш үчүн кытай футболдук уюму тарабынан чет элдик оюнчулардын санына чектөө коюлган. Эми клубдар беттештерге бир эле убакта үчтөн ашык легионерди киргизбеши керек.

Ошондой эле алар оюнга катышуу үчүн арыздарында 23 жашка чейинки жок эле дегенде эки кытайлык футболчуну кошушу жана алардын бирин башкы курамга киргизиши керек болот.

Кытай футбол бирикмесинин релизинде белгиленгендей, мындай түзөтүүлөр атамекендик футболдун жаркын келечеги үчүн киргизилген.

Роналду менен Месси Кытайдабы?

2017-жылдагы кышкы трасфер убагында футбол дүйнөсү Кытайдын футбол башкармалыктары тарабынан акылга сыйбаган сунуштарга күбө болду.

Беш жолку «Алтын топтун» ээси Лионель Мессиге «Хэбэй Чайна Форчун» кытай клубу 500 млн евро сунуштаган — ал эми оюнчунун өзүнө болсо беш жылга келишим түзүү менен жылына 100 млн евродон. Бирок «Барселона» да, Лионель да мындай ыңгайлуу жана пайдалуу келишимден баш тартышкан.

Кытай клубдарынын бири мадриддик «Реалдын» чабуулчусу Криштиану Роналдуга 300 млн евро сунуш кылган.

«Мадриддиктерге трансфер үчүн 300 млн евро сунушташты, ал эми Роналдунун өзүнө болсо жылына 100 млн евродон ашык айлык убадалашты. Бирок башкысы акча эмес. "Реал" — бул жашоо», — деп комментарий берди аталган келишим боюнча Роналдунун агенти Жорже Мендеш.

Алдыда футбол сүйүүчүлөрдү кытайлык футбол башкармалыктарынын акыл албаган сунуштары күтүүдө. Жайкы трансфер сезону аябай кызыктуу болот көрүнөт.


ТЕМА БОЮНЧА: