Сомдун жаңы графикалык белгиси Юникоддо бир жылдан кийин пайда болот

Эгер калк жана уюмдар сомдун жаңы графикалык белгисин кеңири колдоно турган болушса Юникод аны бир жылдан кийин гана каттай турганын билдирди.

Улуттук банктын өкүлү Медина Аширалиеванын Kloop.kgге берген маалыматы боюнча, калк жана уюмдар сомдун жаңы графикалык белгисин кеңири колдон учурда гана ал эл аралык белгилер тобуна — Юникодго — киргизилет. Азырынча аны каттоого мүмкүн эмес.

«Биз Юникоддон тийиштүү талаптарды алдык, белгини катташ үчүн ал калктын кеңири колдонуусунда болушу керек. Коммерциялык банктарга, насыя берген мекемелерге, юридикалык жана жеке тараптарга бардык жерде “сом” деген жазуунун ордуна жаңы белгини колдонуу керектигин сунуш кылалы деп чечтик», — дейт ал.

Аширалиеванын айтымында, сомдун жаңы белгиси кеңири колдонууда элге ыңгайлуу болсун деп атайын киргизилген.

«Кыргыз валютасынын жаңы белгиси колдонууда жеңил, клавиатурада аны териш оңой. Демек ал эл арасына бат эле сиңип кетет», — деп эсептейт Аширалиева.

Аширалиеванын айтуусунда, сомдун белгисин иштеп чыгыш үчүн дизайнерлер арасында сынак уюштурулган. Сынактын шарты боюнча, жаңы графикалык белги «сом» деген сөздүн баш тамгасынан жана «валютанын туруктуулугун» туюнткан астын сызуу белгисинен турушу керек болчу.

Бардыгы болуп он эмгек түшкөн. Улуттук банктын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ эки дизайнердин — Николай Бондардын жана Аваз Узубековдун — концепцияларын тандап, аларга сыйлык катары банктын күмүш тыйындарын тапшырган.

Сынакты Улуттук банк өзү сунуш кылган графикалык белгинин дизайны жеңип алган.

Юникод (англ. Unicode) — бул дүйнөдөгү бардык тилдердин белгилерин чагылдыра алган символдорду коддоонун универсалдуу стандарты.

Жаңы белгини Юникоддо катташ үчүн ал белги кеңири колдонууда болушу керек. Мисалы, жапондордун «эмодзи» белгилерин жапон операторлору кеңири колдонгондугу үчүн аны коддор таблицасына киргизишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: