Түркмөнстандагы шайлоо: Азыркы президент 97 пайыздан көбүрөөк добуш алды

Түркмөнстандын азыркы президенти Гурбангулы Бердымухамедов мамлекет башчысын шайлоодо дээрлик 98 пайыз добуш алды. Ал өлкөнү кийинки жети жыл бою башкарат.

Түркмөн БШКсынын маалыматы боюнча, Бердымухамедов шайоочулардын 97,69 пайыз добушуна ээ болду.

Өлкө тарыхында биринчи жолу шайлоо атаандаш өткөнүнө карабастан, шайлоого келгендердин көпчүлүгү (өлкө калкынын 97 пайызы) Бердымухамедов үчүн добуш беришти.

Азыркы президенттен тышкары, шайлоого дагы сегиз талапкер катышкан, бирок алардын көпчүлүгү саясат менен эч качан алек болгон эмес жана элге кеңири белгилүү эмес болчу.

Эми Бердымухамедов өлкөнү жети жыл бою башкарат. 2016-жылы ал президенттин бийлик мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узарткан түзөтүүлөрдү конституцияга киргизген.

Жашы жагынан чектөө да алынып салынган — эми 70тен ашкан киши да президент боло алат. Азыр Бердымухамедов 59 жашта.

Ал Түркмөнстанды 1991-жылдан бери башкарып келген президент Сапармурат Ниязов дүйнөдөн кайткан соң 2007-жылы бийлик башына келген.


ТЕМА БОЮНЧА: